"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыйынчылыктарга карабай бакытка бөлөнгөн үй-бүлө. Элеттен алдыга чыккан спортчу балдар. Бир айда кыргыз жергесин кагазга түшүргөн швейцариялык кыл калемчи жубайлар. Президент Уланбек Эгизбаевге "Эрдик" медалын тапшырды.
Гүлмайрам Алимбай кызы тубаса айнек сөөк оорусу менен ооруйт. Ал жолдошу менен эки жыл мурун баш кошуп, жакында кыздуу болушту. Гүлмайрамдын боюна бүтүп, баласын аман-эсен төрөгөнү уникалдуу учур. Өтүкчү болуп иштеген жолдошу да экинчи топтогу майып.
"Үй-бүлөнү пландаштыруу - адам укугу " деп аталган иш-чара БУУнун Калк жаатындагы фонду тарабынан уюштурулду. Флешмобдо үй-бүлөнү кантип туура пландаштыруу, каалоосуз бойго бүтүүдөн сактануу ж.б. ушул сыяктуу викториналык суроолор берилип, туура жооп бергендер белек алды.
Чаң-топуракта сабак окуган токтогулдук наристелер. 23 жыл Казакстанда кулчулукта жүргөн аял жакындары менен жолукту. Баткендеги күрүч түшүмүнүн түмөн түйшүгү. Дүйнө таймашына жөнөп жаткан шал оорулуу Канат Абдыжапаровдун кайраты көпчүлүк жаштарды таң калтырды. Ушул баяндар "Данисте" телетоптомунда.
Нарындагы Аксай жайлоосу. Ал жерде жашаган чабандар, алардын балдары жана жайлоонун кооздугу "Азаттыктын" сүрөт баянында.
Кыргызстан социал-демократтар фракциясы өкмөттүн кышка даярдыгын канааттандырарлык деп тапты.
17 жаштагы Канат Абдыжапаров церебралдык шал оорусу менен төрөлгөн. Ага карабастан азыр кол күрөшү менен машыгып, дүйнөлүк чемпионатка даярданууда. Андан тышкары Канат келечекте программисттин кесибине аркалап, Интернет желесин башкарган мыкты адис болом деген тилеги бар.
Өздөрүнө жумуш ордун түзүп, жакыр үй-бүлөлөргө да кол кабыш кыла баштаган баткендик ардагерлер. Сүттү үй шартында кайра иштетүүнү үйрөнүшкөн нарындык кыз-келиндер. Ушул жана башка баяндар "Данисте" берүүсүнө кирди.
Кыргыз шоу-бизнесиндеги көрүнүктүү ырчылар Ош шаарындагы обончу Бахром Азимовго таандык ырларды аткарып жүрүшөт. Өзбек тектүү обончу жараткан кыргызча чыгармалардын көбү жаштар арасында популярдуу. Тубаса музыкант коңшу Казакстан, Өзбекстандын ырчылары менен да иштешип турат.
Тарых музейге бөлүнгөн бюджеттик каражатты туура эмес бөлүштүрүлгөнүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын директорунун орун басары Талант Кожонов, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 14-сентябрдагы жыйынында билдирди.
Орусиядагы шайлоо камоолор менен коштолду, Казакстандык үй-бүлө баласын Түркиядан кайтарып ала турган болду. Орусиядагы кыргыз мигранттардын жүрүш-турушу жалпы улуттун беделине доо кетирүүдөбү? Калининграддагы бир үйдүн тургундары паспортсуз жүрө албайт, Балтика деңизин уулуу балыр каптап жатат. Орт
Качандыр бир мезгилде жашоо күрүлдөп кайнаган шаарчанын азыр кунары качып турган учуру. Кооз керамика идиш-аяк, таберик буюмдарын жасаган Аравандагы карапачынын өнөрканасы. “Данисте” телепрограммасында ушул жана башка баяндар камтылды.
Жалал-Абаддын Чаткал районунда алтын кендерине байланыштуу мыйзамсыз иштерге жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашканбы? Кенди кримчөйрөнүн лөгү атыккан адамдар кармап, үлүш алып турабы? "Азаттык" ушул чуулгандуу жагдайларды иликтеп чыкты.
Жалал-Абаддын Чаткал районунда алтын кендерине байланыштуу мыйзамсыз иштерге жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашканбы? Кримчөйрөнүн лөгү атыккан адамдар да барбы? "Азаттык" ушул чуулгандуу жагдайларды иликтеп чыкты. Иликтөөнү 5-сентябрда көрүңүз.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аба майданында президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Нарын шаары менен Кочкор районунда "Демилгелүү жаштар" долбоорунун алкагында 14 жаштан 28 жашка чейинки 60тан ашуун жумушсуз жаштар кыска мөөнөттөгү кесиптик билим алышты.
Жаратман кыздын ишке ашкан кыялы. Каттоосу жок үй-бүлө балдарын мектепке алуу азабы. Нарындын Ак-Сай, Арпа жайлоолорундагы бала бакчалар. "Данистенин" бул жолку берүүсүндө балдар жана алардын билими, өнөр, шыгы тууралуу кеп кылабыз.
Жайлоодогу бала бакча тууралуу бул тасма маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин акыркы эмгектеринин бири.
Кыргызстанда "Баламды мектепке кабыл алып коюңуз" аттуу акция өтүүдө. Анын алкагында балдарын мектепке киргизе албай жаткан ата-энелер укуктук жардам алып жатышат.
Элеттеги жаш дарыгерлердин жашоо үчүн күрөшү. Кыргызстанды чет жакта иштеп жүргөн мигранттар өнүктүрөбү? Ооганстандагы согуштан араң аман калган үй-бүлө Кыргызстанда он жылдан бери баш калкалап, качкын макамын күтүп жүрөт. Дүйнөлүк таймашка даярдык көрүп жаткан "калькулятор бала".
Дагы жүктөңүз