"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Бишкекте токмоктолгон 34 жаштагы жарандын унаасы Ошто прокурордун колуна тийип калган окуяны азыр укук коргоо органдары териштирүүдө. Мындан бир жума мурун белгисиз жарандар Бишкек шаарынын тургунун сабап, автоунаасын тартып алышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары колго түштү.
Саламаттык сактоо министрлиги Оштун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин ооруканага түшкөн окуучуларынын абалы канааттандырарлык экенин билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, 18 баланын 13ү дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө чыгарылды.