"Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).
Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун лидерлери чогулуп, соода, транспорт, энергетика тармагындагы кызматташуу жана аймактык интеграция маселелерин талкуулашты. Бирок Түркиянын эң жакын өнөктөшү болгон Азербайжан президенти Илхам Алиевдин бул жыйынга барбай койгону көпчүлүктүн көңүл чордонуна чыкты.
Израилде добуштардын 70% көбү саналып бүткөн маалдагы маалыматка караганда, парламенттик шайлоодо өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхунун блогу бир аз айырма менен алдыга озуп чыкты. Акыркы эсептерге таянган болжолдуу маалыматтарга караганда коалиция Кнессетте же праламентте 54 орунду алышы мүмкүн.
Орус аскерлери согуштун башында ээлеп алган Херсон облусунун батышындагы Олешки шаарында ок атышпоо режими күчүнө кирди. Майдан тилкесинде жайгашкан шаарчага гуманитардык жардам жеткирилип, каалагандарга коопсуз жерге көчүп кетүү мүмкүнчүлүгү берилмекчи.
Украин бийлиги билдиргендей, акыркы суткаларда өлкөнүн бир катар аймактары, анын ичинде Харьков менен Киев дрон жана ракеталар менен аткыланды. Харьков облусундагы Новая Водолага шаарчасынын борбордук паркына тийген дрон соккусунан алты адам каза болду. Алардын арасында үч бала бар.
Шейшембинин кечинде саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Арамко компаниясынын кеңсесине сокку урулду. Сокку олуттуу зыян алып келбегени кабарланды.
АКШнын лидери Дональд Трамп Украинада президенттик кызматта жаңы адамды көргүсү келерин жекшембиде айтты. Трамп Владимир Зеленскийди Орусия менен согушту токтотуу үчүн жетиштүү аракет кылбай жатат деп сындады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кара тумоого каршы илимий-изилдөө институтунун кызматкери каза болгондон кийин Орусиядан кошумча маалымат сурады. 28 жаштагы Дарья Шипилова 2-октябрда каза болгондон кийин 200дөй адам карантинге алынган. Иркутскидеги окуя эл аралык деңгээлде кооптонуу жаратты.
7-октябрда Газадагы согушту тутанткан кандуу чабуулга үч жыл толду. Израилде 1200дөй адамдын өмүрүн алган чабуулдун курмандыктарын эскеришти. Газада болсо согуштун изи дагы деле өчө элек. Калаалардын бир топ бөлүгү урандыга айланган. Миңдеген үй-бүлө жакындарын жоготкон.
Орус армиясы Украинанын аймактарына абадан сокку урууну улантууда. 29-сентябрга караган түнү Одессада алты киши жараат алды. Дүйшөмбүдө Киевдеги Улуттук илимдер академиясынын имараты бутага алынган. Бул маалда фронттогу абал боюнча да Москва менен Киев карама-каршы маалыматтарды таратууда.
Си Цзинпин 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барды. Ал акыркы жолу мамлекеттик сапар менен 2015-жылы болгон. Бул жолу президент Дональд Трамп менен жолугушууларда Иран, Тайван, жасалма интеллект жана соода согушуна байланышкан маселелер талкууланмакчы.
АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун абактардан бошотулду. Бул үчүн Вашингтон эки ишкананы санкциялык тизмеден чыгарды. “Вясна” укук коргоо уюмунун санагында Беларуста 880ден ашуун саясий туткун жабык жайларда отурат.
АКШ менен Ирандын ортосунда кырдаал кайрадан курчуду. Вашингтон Ирандын беш мунай танкерин бутага алганын билдирди. Тегеран буга жооп катары Иорданиядагы америкалык базага ракета менен сокку уруп, Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган он кемеге чабуул койгонун жарыялады.
Берлинде миңдеген киши ашкере оңчулдардын саясатта активдүү күчкө айлануусуна каршы акцияга чыкты. Анын алдында Саксония-Анхальт аймагындагы парламенттик шайлоодо “Германия үчүн альтернатива” партиясы добуштардын 44% алып, жеңишке жетти. Бул партия миграцияны токтотууну убада кылып келген.
Орусиянын аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн кооптуу болуп калганы тууралуу украин бийлигинин билдирүүсүнөн кийин чет өлкөлүк жана орусиялык компаниялар Москвага жана Москвадан уча турган ондогон каттамын токтотту.
Президент Садыр Жапаров Москвага күтүүсүз сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Орус армиясынын чабуулунан Одесса шаарында жетимиш жаштан ашкан жубайлардын өмүрү кыйылды. Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институтунда нааразылык чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мандатын тапшырды. Башка бир депутат Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигине сурак берип жатканы кабарланды. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова менен эколог-активист Бермет Бөрүбаева милицияга сурак берип чыгышты. Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон калууда.
Тегеран соңку бир жумадан берки эң ири аба чабуулуна туш болду. АКШ президенти Трамп Ирандын жаңы лидерин шайлоого катышууну каалай турганын айтты. Абактан тик учак менен чыккан Даниел Ажиев кайра кармалды. Кыргызстанда июлдан тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул берилет.
Сириянын мурдагы кооптуу аймактарынан мекенине кайтып келгендер тынч турмушка канчалык аралашып кетет? Аларды кабыл алуу жараянында кандай тоскоолдуктар бар жана бул маселе кантип чечилүүдө?
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча өкүлү жана Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын башчысы кызматын тапшырып келген экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” эксклюзивдүү маек курду. Отунбаева Ооганстандагы кырдаал, аялдардын абалы жана коопсуздук тууралуу айтып берди.
Дагы жүктөңүз