"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнүн утурлай “Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчылары эл арасында “Кыргыз коомунда аялдардын орду кандай жана алар өзүн кайсы убакта бактылуу сезет?” деген чакан сурамжылоо жүргүздү. Тургундардын суроого берген жообу ар кандай.
Өзбекстан менен чек арадан өтүү шарттары жеңилдегенден бери Баткен районунун тургундары кошуна өлкөнүн ооруканаларына көбүрөөк кайрыла баштады.
Баткен районундагы Кыштут айылынын бир топ тургундары Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар менен окуялардан кабарсыз. Миңден ашык калк жашаган бул айылдын тургундары жаңылыктарды бири-биринен оозеки угушат. Анткени, айылда уюлдук байланыш тартпайт. Кыргызстандын телеканалдары көргөзүлбөйт.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавы аркылуу көз карандысыз каттамды камсыз кылуу үчүн мындан 25 жыл мурун Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунун курулушу башталган. Бирок ошондон бери жолду толук бүткөрүүгө бөлүнгөн 237 млн. сом берилбей, эл жолго чаңкап турат.
Баткен районундагы Самаркандек айылынын тургуну Козубай аксакал 20 жылдан ашуун тикмечилик өнөрдү аркалап келет. Жубайы экөөлөп каптаган жууркан-төшөккө, көз майын коротуп тиккен кийим-кечеге башка айылдардан да келип буюртма беришет. Андан тышкары кээде базарга алып чыгып да сатышат.
Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Элетти өнүктүрүү үчүн бийлик эмнеге көңүл буруш керек деген суроо менен "Азаттыктан" кабарчылары облус тургундарына микрофон сунушту.
Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чечме айылынын тургундары чек араны тактоо боюнча комиссиянын ишине нааразы.
Баткендеги алыскы тоо арасындагы Кыштут айылынын имамы Мухиддин аймактагы эң жаш дин кызматкери.
Кыргызстанда 600дөн ашуун ишкана тамак-аш өндүрүш тармагында иштейт.
Расмий маалыматтар боюнча кыргызстандыктардын мойнундагы чакан насыялар 12 миллиард сомго жетти.
Баткен районундагы Актатыр айылынын тургундары жол курулган үлүш жерлери үчүн жер же тиешелүү кенемте ала албай убара. Алар бул көйгөйдү 10 жылдан бери чечтире албай жүрүшөт.
Баткендеги орто кылымдарга таандык делген “Барса келбес” же “Кан и Гут” үңкүрүн туристтерди кызыктырган жайга айландырууга жергиликтүү тарыхчылар менен жазуучулар аракеттене баштады. Орто кылымдагы философ, дарыгер жана акын Абу Али Ибн Синанын эмгектеринде айтылган делген бул жер астындагы “күмүш
Ушул жылдын 15-декабрынан тартып Тажикстан четтен кирген унааларга экологиялык төлөм киргизди. Буга байланыштуу Баткен шаары менен Тажикстандын Исфара шаарына каттаган таксилердин кыймылы токтоду.
Ушул жылдын октябрь айында Баткендеги Мактым-Гөрү көрүстөнүнө көмүлгөн мумияны кайра казып алуу керек деген сунушту парламент комитетинин колдоосу Баткен тургундарынын арасында кызуу талаш жаратты.
Баткенде күнөсканаларда өстүрүлгөн лимондун алгачкы түшүмү терилип, сатыкка чыкты. Аймактагылар анын бир килограммынын дүң баасын 90-100 сом деп бычышты. Түшүмүн Бишкекке алып барып саткандар лимонду келечекте чет өлкөлөргө чейин экспорттоого аракеттенүү керек деген максатты алдыга коюп жатышат.
50 жаштагы кызылкыялык уста Сайрагул Жумабаева 15 жылдан бери тигүүчү машинанын бардык түрлөрүн оңдоп-түзөп жан багат. Алгач көргөндөр аял механик уста деп таң калуу менен карашса, азыр ага ишенип кайрылган кардарлардын саны арбын.
Бир кезде өнөр жайлуу ири шаар болгон Сүлүктүдө ээси жок ээнсиреп калган үйлөр көп.
Көп улуттун өкүлдөрү жашаган Баткенде улуттар аралык түшүнүү менен сабырдуулук өтө маанилүү, аяр маселелердин бири. Тажик жигит Бахрам Рахманкулов жаштар арасында толеранттуулук маданиятын калыптандырсам деп жан үрөп жүргөн кези.
Расмий маалыматка караганда быйыл жыл башынан бери 84 өспүрүм өз жанын кыйган.
"Азаттыктын" дубандагы кабарчылары көчө кыдырып, кыргызстандыктар жаңы ишке келген президенттен эмнени күтөрүн сурашкан. Көбү жол көйгөйүн чечерине үмүттөнсө, башкалары чек ара маселесинин чечүүнү айтышат.
Дагы жүктөңүз