"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Баткендин тоо арасындагы Кыштут айылындагы мектептин 2-классында жалаң эркек балдар окуйт. Алар кыздары бар башка класстагыларга суктана карап, кыздар менен бир партада отурганды сонун көрүп жүрүшкөн чагы.
14-октябрда Баткенде жерге берилген мумия 1954-55-жылдары Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөрү деген көрүстөндөн табылган. Археолог Юрий Баруздин аны Тарых музейине өткөрүп берген. Маданият министрлиги мумияны көмүү себебин түшүндүргөн жок. Ал эми тарыхчылар менен интеллигенция муну караңгылык деп сынд
Кадамжай районунда биоорганикалык жер жемиштин түшүмүн мол алуу үчүн кадимки сөөлжан пайда кылган биогумус жер азыгын көп пайдаланыла баштады. Жер семирткич эле бербестен айлана-чөйрөнү таштанды менен калдыктардан тазалаган сөөлжанды багууга кызыккандардын саны көбөйдү.
Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жердеги “Кадамжай-Автожол” жана “Маданият” чек ара бекеттери ачылды. Аларды ачуу салтанаттар менен коштолуп, ага эки өлкөнүн чек арадагы жергиликтүү бийликтеринин жана коомчулуктун өкүлдөрү күбө болушту.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Кулунду айылында футбол аянтчасы ачылды. Демилгечилердин бекемдоосу боюнча, аянтча коншулаш эки элдин жаштарынын достугун, элдердин ынтымагын бекемдоого оболго тузот.
Баткендеги биорганикалык азыктарды өндүргөн «Алыш-Дан» айыл чарба кооперативи 15 гектардан ашык талаага биринчи жолу айдаган ашкабак түшүмүн жыйноого киришти. Эми ашкабакты мурдагыдай дүңүнөн сатпай кургатып туруп, баасын жогорулатып сатууга аракет көрүп жатышат.
“Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчылары шайлоочулардын пикирин билүү үчүн “Талапкерлердин баарын тааныйсызбы? Тандоодо талапкер көтөргөн кайсы маселе сиз үчүн баарынан маанилүү?" деген суроо узатты.
Баткенде жыл башынан бери коопсуздук эрежелери так сакталбагандыктан тогуз шахтер каза тапкан.
Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймактарында талаачылыктан баштап үй жумуштарына чейин кошуна өлкөдөн келген жумушчулар жалданып иштейт. Баткендеги кабарчыбыздын видеобаянын сунуштайбыз.
Буга чейин окуу китептерин коерго жери жок мектептеги китепканага айылдын окуучулары 500 адабий китеп чогултуп беришти.
Баткенде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде кармалып, байлоого алынган эчкемер талаага кое берилди. Ага чейин жоголуп кетет деп Кызыл китепке киргизилген эчкемерди бирөө кармап, сатып жатканы тууралуу маалымат интернетте тараган болчу.
Эчки эмерди кармап, сатууга даярданып жаткан адам өзбекстандык болуп чыкты.
Баткен районундагы Тажикстан менен чектеш алты айылга түнкүсүн жарык берүүчү чырактар орнотулду. Аны Бирикен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы каржылады. Долбоор чек арадагы чыңалууну жеңилдетип, жаңжалдарды кыскартууга багытталган.
Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында үч ай мурда төрт метр тереңдиктеги сел аккан сай казылган. Бирок ал элүүдөн ашык үй-бүлөгө түйшүк жаратты. Алар казылган жерден машинелери менен зарыл оокат, буюмдарын алып өтө албай убара.
Юстиция министрлиги алыскы Лейлек районунда укуктук кеңеш берүүчү борборун ачты. Аны ачууга USAID эл аралык уюму колдоо көрсөттү. Борбор юридикалык жардамга муктаж бардык жарандарга акысыз кеңеш берет.
Баткендеги жалгыз биоорганикалык азыктарды өндүргөн «Алыш-Дан» айыл чарба кооперативи Орусияга эки миң тонна биоорганикалык ашкабак экспортоону макулдашып, 15 гектардан ашык талаага биринчи жолу ашкабак айдашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым адистери үй курууда илгертен колдонуп келген сынч ыкмасын бүткүл өлкөгө жайылтуу зарыл деп билдире башташты. Буга 1977-жылы Баткенде күчү 7 баллга жете жер титирегенде турак үйлөрдүн кулабай калганы башкы себеп. Сынч ыкмасы менен курулган үйлөрдүн бекемдигинин
Баткен облусунун чек ара аймактарында кыргыз-тажик кошуналардын ынтымагын бекемдөө максатында таланттуулар сынагы өткөрүлдү. Сынакка эки өлкөдөн 26 өнөрпоз катышып, жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.
Баткен районундагы Табылгы айылы 20 жыл мурун жер көчүү коркунучу бар деп аныкталыптыр. Ал жерде жашаган 24 үй-бүлөгө коопсуз жайга көчүп чыгуу эскертилип, башка аймактан жер да, ссуда да берилген. Бирок 17 үй-бүлө дагы деле көчкүсү жок.
Баткенде айтылуу айгүл гүлдөп, аны көргөнү келгендердин саны быйыл жылдагыдан көп болуп, күнүгө миңден ашык киши тоого чыгууда.
Дагы жүктөңүз