Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:05

Кыргызды карыз деген кара басты


Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча кыргызстандыктардын мойнундагы чакан насыянын өлчөмү 12 миллиард сомго жетти. Алардын көбү Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарындагы жана Бишкек шаарындагы кардарларга таандык. Статком насыяны Ош жана Ысык-Көл облустарынын тургундары көп алышат деп эсептеген.

Бир насыяны төлөй албай, экинчисин алып, андан кутулуунун аракетинде дагы карыз алып отуруп, төлөчү бересеси тапкан кирешесинен ашып кеткендер Нарында көп кездешет. Алардын арасында карызы жеңилдебей эле, тескерисинче, айдан-айга өсүп отуруп, үй-бүлөсү бузулгандар да бар. Адистердин баамында бул көрүнүшкө калктын каржылык сабатынын начардыгы себеп.

"Ары-бери карап, этек-жеңимди жыйгыча эле заматта карызга батып айламды таппай калдым" дейт Нарын шаарынын 35 жаштагы атын атагысы келбеген тургуну.

Насыя дүрбөлөңү

Насыя дүрбөлөңү

Кыргызстанда банк менен кредиттик компаниялардан насыя алып, аны төлөгөнү келгенде кайтара албай калдык деп дооматын өкмөткө артып, карызын кечүүнү талап кылган жарандар жана алардын башын кошкон кыймылдар көбөйдү.

Ал мындан бир жыл мурда эле там салыш үчүн банктан 200 миң сом насыя алган. "Ай сайын айлыктан төлөп турабыз" деп жолдошу экөө кеңешкени менен эсепте жок чыгымдар экинчи насыя алууга мажбур кылган. Ошентип жолдошунун айлыгы эки насыяны жабууга өп-чап жетип отуруп үчүнчү, андан кийин туугандарынын атынан төртүнчү, бешинчи насыя алууга туура келет. Бул акча насыянын ай сайын төлөөчү төлөмдөрүнөн, тиричилик чыгымдарынан жана карыздарынан ашпай калган.

- Азыр өзүбүздүн наамыбызда үч, туугандардын атында эки насыя бар. Жалпысынан айына 30 миң сом төлөйбүз. Бул биздин үй-бүлө үчүн чоң эле акча. Анткени мен иштебейм, жолдошумдун айлыгы 15 миң сом. Мынча акча төгүп калгандан бери мен да жанталашып иштеп, жолдошум бош убактысында кошумча иштеп, тынбай калдык. Ага-туугандан да карыздап акча алып жатып, ошонун өзү эле бир топко чыгып кетти. Эми бирөөлөргө сүйлөшүп кайра аздан төлөгүдөй кылып, чоң суммадагы насыя алалы деп атабыз. Болбосо кыйналып кеттик.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорудагы каарманыбыздын чакан насыяларынан башка тааныштарынан алган карызы мындан көп. Ага кошулуп эл ичинде "кол карыз" аталып калган айына он беш пайыз үстөк кошуп бере турган жерден элүү миң сом алган. Бул акчаны да башка карыздарды, банктын кызматкерлери күнүгө коколоп келе бергенинен алган. Эми ага айына 7500 сом төлөп турат.

Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын Нарындагы өкүлү Гүлмира Кыштообаева каржылык сабаты жокторду, артын ойлобой "эптеп эле насыя колго тийсе болду" дегендерди насыя берүүчү тарап пайдаланып жатат деген ойдо.

- Каржылык сабаттын жоктугунан карызга батып атышат. "Кантип төлөйм?" деп ойлошпойт. Банктар болсо эптеп элдин мойнуна карызды илип алса болду, анан доолап, сотко кайрылып эки-үч эсе өндүрүп алып жатышат. Насыя алса бизнеске салыш керек да. Жок, бизде андай жок. Алышат да, төлөй албай калып жатышат. Банктар деле элдин мүмкүнчүлүгүнө жараша бериши керек да.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Насыянын айынан мектепте сабак өтүлбөй калды" дейт Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургуну Нурбүбү Арыстанбекова. Анын айтымында, мугалимдер "Айлыгымды карызга кантип жеткирем?" деп жатып окуучуларга жетиштүү көңүл бурбай калып жатышат.

- Азыр мектептеги мугалимдердин дээрлик бардыгынын насыясы бар. Алар жакындаганда "Насыяны кантип төлөйбүз? деп ойлонуп жатып балдарга керек болсо жетиштүү да тарбия, билим бере албай жатышат. Канчалаган үй-бүлөлүк чатактар ушунун айынан чыгып жатат. Бул албетте, элдин эсеби жок насыя алып алгандыгында.

Нарын шаарында эл аралык уюмдар маал-маалы менен бизнести өнүктүрүү жана насыяны натыйжалуу колдонуу боюнча атайын курстарды өткөрүп турушат. Бирок бул окуу айына он миң сом тургандыктан ансыз да карызы көптөр бара беришпейт. Ушундан улам насыя алгандардын көпчүлүгү аны төлөөдө бир жолу болсо да кечиктирип же кыйынчылыкка дуушар болот.

Насыясын төлөөгө дарманы келбей калган Ат-Башыдагы "Мөл Булак" чакан насыялык уюмунун кардарлары болсо 2015-жылы кеңсеге кирип, иш кагаздарын өрттөп да салышкан.

Нарын: карызга баткан насыячы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
Түз линк

Башка аймактардагы чакан насыялардын оош-кыйышы

Таластагы насыя алгандардын укугун коргоо боюнча убактылуу комитеттин маалыматы боюнча 1000ден ашык киши бир топ жылдан бери облустагы банктар менен соттошуп келатат. Сот иштеринин так саны тууралуу расмий маалымат жок. Сотко чейин жеткен иштер көбүнчө “Бай түшүм”, “Компаньон” каржы компанияларынын облустагы филиалдарына кардарлар насыяларын төлөй албай калганына байланыштуу.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00
Түз линк

Мурдараак Баткенде "насыясынан кутула албай үйүнөн ажыраптыр", "насыяны төлөш үчүн турак жай сатылат" деген кептер тынымсыз болсо, акыркы убакта андайлар дээрлик токтогон. Анткени жеке менчик банктардан чакан насыя алгандардын финансылык сабаттуулугу, жоопкерчилиги жогорулап, алган акчаны иштетүү маданияты калыптана баштады.

Сабаттуулук жана жоопкерчилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00
Түз линк

Жалал-Абад шаарында эки жыл мурда чакан насыя аркылуу башталган эки достун ишкердиги азыр өз жолуна түштү. Минтип айткан жаш ишкер азыр да насыя менен иштеп, экинчи ишин баштаганы турат. Эң негизгиси - туура багыт жана так пландоо аркылуу насыя менен деле көздөгөн ийгиликке жетсе болоорун айтат.

Кредит алып башталган ишкерлик
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00
Түз линк

Ошто 2011-жылдагы насыячылардын массалык нааразылыгынан кийин чакан кредиттик компаниялардын жарым-жартылайы жоюлду. "Социалдык абалды жакшыртууну көздөйт" деген чакан кредиттик компаниялардын азайышына эмнелер себеп болду?

Азайган кредиттик компаниялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00
Түз линк

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда чакан насыя алган жарандардын саны мурдагы жылга салыштырганда дээрлик 21% көбөйгөн. Ошол эле учурда насыясын төлөй албай жүргөндөрдүн жалпы карызы 12 миллиард сомго жеткен. Ал арада эксперттер кыргызстандыктардын насыяны максатсыз пайдаланып жатышканын белгилеп жатышат.

Насыя алгандар көбөйүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG