Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Чакан насыядан карызга баткандар


Президенттик администрациянын алдында өткөн акциялардын бири.
Президенттик администрациянын алдында өткөн акциялардын бири.

Кыргызстанда чакан насыя алган адамдар мурдагы жылга салыштырганда дээрлик 21% көбөйгөн.

Ошол эле учурда насыясын төлөй албай жүргөндөрдүн жалпы карызы 12 миллиард сомго жеткен. Ал арада эксперттер кыргызстандыктар насыяны максатсыз пайдаланып жатышканын белгилешүүдө.

Жалалабаддык Гүлүмкан Мамытова бир убакта эки компаниядан насыя алып, бирөө менен соттошуп жатып жаңы жыл алдында араң кутулган. Ал эми экинчи, 200 миң сомдук насыяны мындан төрт жыл мурда соода-сатык үчүн алган. Көздөгөн иши ойдогудай болбой, орто жолдо үйүн алдырып, кайра аны алган насыясынан кымбат баага сатып алууга туура келгенин "Азаттык" радиосуна айтып берди.

- Мен азыр деле насыямды төлөп бүтө элекмин. 70 миң сом калышы керек болчу, бирок кечээ карасам 85 миң сом бар экен. Айына беш миң сомдон төгүп жатам. Эч эле азайбай койду. Үйүмдү 206 миң сомго сатып алгандан кийин 100 миң калган. Аны "пайызы жок" деп алдашкан. Көрсө бар экен. Жалпы карызды жоюуга барганда билдим. Бир жылда 22 миң сом кошуп беришим керек болуп жатат. Айла жок, зарыкканда алдым эле. Ушундан кутулсам экинчи албайын деп Кудайдан тилеп отурам. Алаарын алып ыйлап жүргөндөр толтура, дагы эле аябай көп. Алдап туруп кол койдурушкан, беш алтоо-тегеректеп бир шору жокту ортого коюп кысат да булар. Заманаңды курутуп, азыр эле өлүп калгың келет.

Насыя дүрбөлөңү

Насыя дүрбөлөңү

Кыргызстанда банк менен кредиттик компаниялардан насыя алып, аны төлөгөнү келгенде кайтара албай калдык деп дооматын өкмөткө артып, карызын кечүүнү талап кылган жарандар жана алардын башын кошкон кыймылдар көбөйдү.

Гүлүмкан Мамытова 2,5 миң сомго жетпеген пенсия алат. Анча-мынча тикмечилик кыла коюп насыясын төлөп жаткан экен. Ал өзү жашаган аймакта чакан насыя алып төлөй албай кыйналгандар, анын айынан оорусу күчөгөндөр көп экенин да кошумчалады.

Насыя алгандар көбүнесе "Мол булак", "Финка" өңдүү компанияларга, "АКБ Кыргызстан", "Бай түшүм" банктары тууралуу арызданышты. Бул компанияларга комментарий сурап кайрылганда, алар маалымат берүүдөн баш тартышты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкөдө чакан насыя алган жарандар көбөйгөн. Былтыр насыя алуучулар мурдагы жылга салыштырганда 38 миң адамга көп катталган. Бул дээрлик 21% көп.

Жалпысынан 2017-жылдын тогуз айында Кыргызстандагы чакан насыя компаниялары 12 млрд. 151 млн. сом бөлүп беришкен. Насыя алуучулар 240 миң кишиден ашты. Насыяны эң көп алгандар Бишкек шаарында, Ош облусунда, эң азы Талас облусунда.

Жалпысынан Кыргызстанда чакан насыясын төлөй албай жүргөндөрдүн карызы 12 миллиард сомго жетти. Эң көп карыз Бишкек шаарында (25,2%), Ош (18,7%), Чүй (16,1%) жана Жалал-Абад (11,1%) облустарында.

Ош облусунун Өзгөн районундагы "Кайрат-Бол" чакан насыя берчү бирикмесинин башкы бухгалтери Кайратбек Орозбаевдин баамында, жарандар насыяны негизинен керектөө муктаждыктарына, үй сатып алууга, ипотека үчүн, айыл чарбасына, соода-сатык жана коомдук тамактануу тармактарына алышат. Карызын төлөбөй качып жүргөндөр да бар.

Ал эми Нарындын Жумгал районундагы "Ак-Бата киреше" компаниясы беш миң сомдон жогору насыя берет. Компаниянын жетекчиси Мисир Насыров жергиликтүү тургундар акчаны көбүнчө күнүмдүк керектөөлөргө алышаарын​ айтты.

- Насыя алгандар бизде көп эле. Бизде көбүнчө соода-сатыкка, айыл-чарбасына алышат. "Чөп алабыз, мал алабыз" дегендер алат, өтө байлар албайт. Күнүмдүк керектөөгө мугалимдер, дарыгерлер, медайымдар алат. Беш миң сомдон 300 миң сомго чейин беребиз. Эң узагы эки жылга чейин алат. Кээ бирөөлөрү көпкө чейин бербей, башка жакка кетип калгандары болот.

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар.
Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар.

Насыя алгандардын укугун коргоо комитетинин төрайымы Динара Назаркулова банктан жана чакан насыя берчү компаниялардан карызга акча алгандар көбөйгөнүн ырастайт. Ал үстү-үстүнө насыя берүү системасы карызкорлорду ого бетер сазга батырууда деп эсептейт.

- Азыр карапайым эл кыйналып, банктар жыргап жатат. Себеби сотко апелляциялык, кассациялык арыз бере албай калышты. Жакында банктар насыя бере турган кишини таппай калат. Анткени баарынын насыясы бар, анын үстүнөн насыя алып жатышат. Андай болсо мурдагы карызын ошонун эсебинен жоюп, бирок эки эсе үстөк пайызын төлөшөт. Ошондуктан эл мындан чыга албай жатат.

Эксперттер жарандардын банктарга, микрокредиттик компанияларга алданып калышы финансылык сабатсыздыкка байланышканын да белгилешет. ЖИА бизнес ассоциациясынын эмгек жана жумушсуздукту жоюу комитетинин төрагасы Жоодар Омошев Кыргызстандын эли насыя алууга даяр эмес деген ойдо:

- Бизде жоопкерчилик аябай төмөн. Чакан насыя алган кишилердин бизнести иштетем деген ыкмасы туура эмес. Бардыгы насыя ала коюп, ишкердик кылам деп ойлошот. Бул татаал маселе. Биринчиден, үстөк пайызы жогору. Банкка жана алган суммага жараша 14 пайыздан 22% чейин чыгат. Насыяны алгандан кийин аны максаттуу пайдаланбайт. Көпчүлүгү башка насыясын жапканы алышат. Керек учурда алып алат экенбиз. Бирок төлөгөнү келгенде чөнтөктөн чыгышы абдан оор. Анан банктардын минус жагын издей баштайбыз. "Булар жогорку үстөк пайыз менен насыя берет, эмнеге мындай" деп оңой жолун издеп, пикетке чыга баштайбыз. Насыя алган киши толугу менен төлөп бүткөнчө экинчи банктан насыя албай тургандай система түзүлүшү керек. Эгер иши жакшы болуп баратса бериши керек. Мисалы, чет өлкөлөрдө мындай маалымат компьютерде чыгып калат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 25 банк, 168 микрокредиттик уюм жана 118 кредиттик союз бар. Улуттук банктын маалыматы боюнча Кыргызстанда жалпысынан насыя алган 599 миң жаран бар. Алардын 377 миңи акчаны коммерциялык банктардан, 240ка чукулу микрокредиттик уюмдардан алышкан. Сүткорлукту чектеген мыйзамдын негизинде насыялардын жылдык үстөк пайызы 35,74төн ашпашы керек. Бул көрсөткүч жыл сайын Улуттук банк тарабынан бекитилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG