"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Баткен облус борборунан 15 чакырымдай турган Дөбө айылы 20 жыл мурун түптөлгөн. Ошондон бери айылдыктар таза сууну төрт чакырымдан ташыса, айрымдар жамгырдын, кардын суусун ичишет.
Кыргыз коомчулугу акчаны кантип табат жана аны кандай максаттарга жумшайт?
27-март күнү кечке жуук Ош-Баткен жолунун Кадамжай районуна караштуу бөлүгүндө Ош шаарынан Баткенге машыгууга бараткан аскерлер түшкөн автоунаа кырсыкка кабылып 30 жоокер ооруканага жеткирилди.
Баткен шаарын жана Баткен районунун алты айыл аймагын суу менен камсыздаган Төрткүл суу сактагычы медициналык таштандыларга толуп жатат. Суу сактагычка келген суу Тажикстандын да айылдарын аралап өтөт.
Баткенде биринчи топтогу майып Элмурат Гаипов өз турмушун оңдоп алууну ак эткенден так этип самап жашайт. Учурда Элмурат үй-бүлө күтүп, жубайын тигүүчүлүккө даярдап жаткан экен. Келинчеги да майып.
Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан Кадамжай районунун Ынтымак айылынын тургундарынын айтымында, кошуналардын аскердик машыгуу талаасы алардын кыштагына жакын орун алган. Өзбекстандын куралдуу күчтөрү машыккан учурда айылдыктар кооптонуп турушат. Анткени атылган октор, оор техникалар алардын
Кыргызстандын аймактарында спорттун кайсы түрүнө көбүрөөк кызыгышат?
Баткенге өрүк бактары жылына орточо 10млрд сомдук киреше алып келет. Өрүктү органикалык жол менен кургатып, сапаттуу таңгактап чет базарларга сатуу менен кирешени он эселеп көбөйтсө болоорун айтышат адистер. Ал үчүн өрүктү иштетүчү мекемелерди ачып, жакшылап кам көрүп, дүйнөлүк базарга алып чыгуу за
Баткен облусунда башка дин агымдарына киргендердин өз көрүстөнү жок.
Баткендеги көркөм-сүрөт интернатында 50 окуучу төрт партаны ары-берип ташып билим алышат. Өнөркана мектеби облустук бийликке жардам сурап кайрылганы менен азырынча эч майнап чыга элек.
Кыргызстанда саламаттыкка алдын ала кам көрүү маданияты калыптанганбы?
Баткенде алтымыштан ашык мал догдурга бирден мотоцикл жана ветеринардык аспаптары бар кутулар таркатылды. АРИС уюму ишке ашырган долбоор төрт түлүктү арбытууга жана эт-сүт азыктарын четке экспорттоого өбөлгө түзөт.
"Манас" аэропортундагы кырсыктан кийин Баткен шаарынын чок ортосунда турган аэропортту жылдыруу маселеси кайра көтөрүлдү.
Баткендин Тажикстан менен чек арасында жаңжал чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан. Жаңжалда Көк-Таш айылынын башчысы сабалып, ооруканага түштү. Тажик тараптан эки жаран да сабалганын айтышты. Окуя болгон аймакка кошумча күчтөр тартылып, абалды көзөмөлдөп турушат.
Баткен районунун Бужум айылдык китепканасы 2016-жылдын жыйынтыгында өлкөдөгү эң мыкты китепкана деп табылды. Маданият, маалымат жана туризм министирлиги уюштурган сынактан жеңишке жеткен китепкана ным тарткан имараттан дурусураак кеңсеге көчүрүлүп, туруктуу окурмандарын көбөйткөнү өткөн жылдын ийгил
Баткендин Кызыл-Кыя, Үч-Коргон аймагында 30 миңдей тажик улутундагылар жашайт. Жергиликтүү тургундар арасында улутуна карабай үй бүлө күтүп, өмүр бою эриш-аркак жашагандар арбын. Кандай той болбосун улуттук музыкалык аспаптардын коштоосу менен көркүн ачышат.
Баткендин Кайтпас айылында жашаган Давлатовдордун үй-бүлөсүнүн төрт келини Өзбекстандын жараны. Чек арага жакын айылга 30 жыл мурун Өзбекстандан келип отурукташкан үй-бүлө кыргызча каада-салт менен той өткөрүп, жергиликтүү болуп калганын айтышат.
Баткендеги Өзбекстан менен чектеш Кайтпас айылынын тургундары бир топ жылдардан бери “чек арадагы” айыл макамын ала албай, убара тартып келген. Себеби, андай статус ыйгарылса, бала бакча, маданият үйү жана мектеп сыяктуу социалдык мекемелерди курууга көңүл бурулмак. Эми анысы жок деле маселе оң жагы
Баткен шаарында муниципалдык менчикте делген имаратта жашап жаткан экинчи топтогу майып, эки кыздын энеси менен жергиликтүү бийлик имарат талашып, иши сотко чейин жетти. Балдар бакчасына айлантабыз деген жүйөө менен жергиликтүү бийлик майып Туйгун Боронованы үйдөн чыгаруу аракетинде.
Дагы жүктөңүз