Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Баткен: эчки эмерди кармагандар айып төлөйт


Эчки эмерди кармап, сатууга даярданып жаткан адам өзбекстандык болуп чыкты.

Бул боюнча Аңчылыкты көзөмөлдөө жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаменти иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада жаныбарды өзбекстандык жаран кармаганы аныкталып, эчки эмер куткарылган.

Жума башында социалдык тармактарда "Баткен районунун Таян айылынын тургуну эчки эмерди кармап, сатууга даярдап жатат" деген сүрөттүү маалымат тараган. Бирок Аңчылыкты көзөмөлдөө департаменти иликтей келгенде, жаныбар Өзбекстандын Чон-Гара айылынын тургунунун колунда экени аныкталган.

Аталган мекеме кошуна өлкөнүн күч кызматтары менен бирге иш жүргүзүп, куткарылган эчки эмер 30-июнь күнү талаага коё берилди. Өзбекстандык жаран өз мекениндеги мыйзамдарга ылайык жазаланарын маалымдады.

Өзбекстандыктар менен сүйлөшүп, эчки эмерди бошоттук. Жаныбарды кармаган адам өзбек жараны. Ал өз өлкөсүнүн мыйзамы менен жоопкерчиликке тартылат.
Бактияр Козубаев

Аңчылыкты көзөмөлдөө жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Баткен облусундагы башкармалыгынын адиси Бактыяр Козубаев буларды айтты:

- Эки күн тынымсыз иш алып бардык. Бул жаныбарды кармап, сатууга аракет жасаган киши Өзбекстандын Чон-Гара деген айылынан экен. Өзбекстандыктар менен сүйлөшүп, эчки эмерди бошоттук. Жаныбарды кармаган адам өзбек жараны. Ал өз өлкөсүнүн мыйзамы менен жоопкерчиликке тартылат.

Бул жаныбарды Баткенде сатышат деген кабардан улам облустук милиция тыкыр иликтөө жүргүзгөн. Облустук ички иштер башкармалыгынын катчысы Дамира Юсупова эгер эчки эмерди саткандар кармалса жазаланат деп ишендирди.

- Атайын тапшырмалар берилип, милиция иликтөө ишин жүргүзүп жатат. Ким болбосун мыйзамсыз аракети үчүн кармалчу болсо жоопкерчиликке тартылат. Буга чейин мындай учур катталган эмес.

Анткен менен облус тургундары арасында бул жаныбар миңдин бири деген аңыз жайылып кеткен. Баткен шаарынын тургуну Дастанбек ырастады:

- Калк арасында эчки эмерди бир нече дартка даба дешет. Өзүм аны жеп, сакайып кеткендерди укканым жок. Сатылат деп угуп жүрөм. Баасы беш миң сомдун айланасында деп айтышат.

Коруктагы кайберендерге аңчылык

Коруктагы кайберендерге аңчылык

Кыргызстанда өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик коруктарга чет элдик мергенчилерди киргизип, кайберенге кыргын салган фактылар ачыкка чыгууда.

Кыргызстанда соңку кезде бака-жылан, кескелдирик жеп шыпаа издегендер көбөйгөн. Онколог-профессор Мукаш Бейшембаев "Азаттык" радиосуна шылуундардын мындай бизнесин токтотууга мезгил жеткенин айткан болчу.

- Кочкордун кызыл колтук бакасы дары экен деп азыр райондо мындай бака калбай калганын жергиликтүү тургундар айтышууда. Мунун баары шылуундардын бизнеси. Бирөөнүн кайгысынан акча таап жатышат да. Буларды мыйзам чегинде жазалоону өтүнүп, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, күч органдарына да кайрылып көрдүк. Бирок мындай алдамчылыкка каршы мыйзам жок экен.

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген бул жаныбарды кармап, сатуу аракети үчүн 4 миң сом айып пул жана 5 миң сомдук административдик жазана салынат.

Илимий тилде "Орто Азия вараны" деп аталган эчки эмердин узундугу 60 сантиметрден 1 метрге чейин болот. Ысык, суусуз боз адырларда жана чөлдөрдө жашайт. Чөлдө кездешкендеринин узундугу 1,5 метрге чейин жетет. Салмагы 3-3,5 килограмм. Кыргызстанда Баткен облусунун аймагында кездешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт

XS
SM
MD
LG