Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:00

Жогорку Кеңеште Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору талаш-тартыш жаратты.

Жогорку Кеңештин "жоомарт" чечими

Буга өкмөттүн жана парламенттин тиешелүү комитетинин каршы пикири негиз болду. Ошол эле кезде мыйзам долбоорунун авторлору соңку мезгилде чет элдик мергенчилерге уруксат берүүнүн натыйжасында аркар-кулжаны атуу ири ишкердикке айланганын жүйө келтирип, аңчылык чарбаларын жаап, мергенчиликке уруксат берүүгө тыюу салууну сунуштап чыгышкан болчу.

Жогорку Кеңеште Кыргызстанда аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып, добуш берүүнүн жыйынтыгында саны кескин азайып бараткан жапайы жаныбарларды коргоо шарттарын камсыздай турган укуктук документ учурда талкууда.

Коруктагы кайберендерге аңчылык

Кыргызстанда өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик коруктарга чет элдик мергенчилерди киргизип, кайберенге кыргын салган фактылар ачыкка чыгууда.

Бул мыйзам долбоору жаныбарлар дүйнөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана алардын көбөйүшүнө шарт түзүү максатын көздөмөк. Ал 2030-жылга чейин карышкырлардан, түлкүлөрдөн жана чөөлөрдөн башка саны кескин азайып бараткан жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салууну карайт.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев соңку мезгилде Кыргызстанда чет элдик мергендерге уруксат берүү бул тармактагы аткаминерлердин кирешелүү ишкердигине айланып калганын сындап чыкты:

-Үч нерседен улам тыюу салынбашы керек деп жатасыздар. Бирок мына ошол үчөө тең ынандырарлык эмес сунуштар. Бюджетке акча түшпөй калат деп камтама болууга негиз жок. Мына ошол лицензияларды сатуудан болбогон аз бир акча түшүп, ал дагы бул тармактагы аткаминерлердин чөнтөгүнө жана аңчылык чарбалардын жеке кирешесине кетип жатыптыр. Биз болбогон акча үчүн кырылып бараткан жаныбарларга мергенчилик кылууга мыйзамдуу түрдө уруксат бергенибиз туура эмес. Азыр интернетте кеңири жарыя берилип "Кыргызстанга аңчылыкка келгиле, бул жакта аңчылык кылуу арзан жана оңой. Ага керек болсо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери көмөктөшөт" деп айтылып жатат. Ушундай кырдаалды көрүп туруп, тыюу сала албасак, кийин кандай болот?

Аңчылыкты ооздуктоочу органдын жообу

Ошол эле кезде өкмөт жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги бул мыйзам долбооруна каршы чыкканы белгилүү болду. Каршы тараптын пикиринде, мыйзамдуу аңчылыкка тыюу салынса, анда жапайы жаныбарларга бүлгүнчүлүк кайра тескерисинче күчөп кетиши мүмкүн экен. Анан дагы мыйзамдуу аңчылык үчүн чет элдик мергенчилерге сатылган лицензиялардан мамлекет жыл сайын 50 миллион сомго чукул киреше табары көрсөтүлгөн. Аңчылык чарбалары бул каражатка жапайы жаныбаларды карап, алардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүп жатканы белгиленген.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин тиешелүү департаментинин директору Алмаз Мусаев мындай деди:

- Аңчылыктан түшкөн акчадан бизге калганы 18 миллион сом. Жалпысынан 54 миллион сом киреше кирет. Анын 25 пайыз үлүшү ошол айыл аймактарынын бюджетине, 40 пайызы аңчылык чарбаларына, 35 пайызы - жанагы 18 миллион сом бизде калат. Бизде болгону 130 адам эмгектенет. Анын арасынан талаа-түздө жүргөнү жүзгө чукул. Бизге мамлекет айлык акы гана төлөйт. Калган чыгымдардын бардыгы ошол чет элдик мергендердин эсебинен жүрөт.

Акча кимдин чөнтөгүнө түшөт?

Ошол эле кезде жапайы жаныбарларга аңчылыкка тыюу салган мыйзам долбоорунун авторлору тиешелүү департаменттин жана өкмөттүн келтирген жүйөсүн негиздүү эмес деп эсептешет. Мына ошондуктан учурда жаныбарлар дүйнөсүн сактап калуу чараларын тез арада киргизбесе, Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышы коркунучтуу чекке жетип калганы мисалга алынды.

Ошол акчанын бир сому дагы республикалык бюджетке түшпөйт экен. Каражаттын 40 пайызы лицензияны аукцион аркылуу сатуу укугуна ээ болгон менчик аңчылык чарбаларда калып жатат.

​Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев өкмөттүн жүйөсүн четке какты:

- Ошол акчанын бир сому дагы республикалык бюджетке түшпөйт экен. Каражаттын 40 пайызы лицензияны аукцион аркылуу сатуу укугуна ээ болгон менчик аңчылык чарбаларда калып жатат. Эмнеге андай десек, алар тоодогу жапайы жаныбарларга жем-чөп чачып, ылаңдаса карайт дешти. Аларга ишенсек болобу? Чындыгында ал акча башка жакка кетерин баарыбыз эле билебиз да. Мына ошондуктан булар биздин мыйзам долбоорго каршы чыгышууда.

Каршы турумдун кабатырлыгы

Анткен менен парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров бул мыйзам долбоорун добушка коюуну сунуштап, бирок депутаттарды аны колдобоого чакырды. Ал аталган мыйзам долбоору өкмөттүн аңчылык чарбалары менен соттошуусуна алып келип, бул тармактагы тең салмактуулукту бузат деп ишендирди:

Чаарчык
Чаарчык

- Өкмөт бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирген. Мыйзам долбоору биздин комитетте да аябай көп талаш-тартышты пайда кылган. Биз дагы үч-төрт айдан бери бир жактуу чечим кабыл алалбай, убакыт бир топ созулуп кетти. Бул мыйзам долбоорун добушка коюп, ошол аркылуу бир жыйынтык чыгарсак. Мен өзүм бул мыйзам долбооруна каршымын. Анткени аны иштеп чыгып жатканда илимий жактан негизделген жүйө келтирилген жок. Болгону жапайы жаныбарлардын саны азайып бара жатат деген гана пикирге негизделип калгандай. Ошондуктан мыйзам долбоору жок эле бул тармактагы абалды тартипке салсак болот. Бул мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, анда аңчылык чарбалары буга чейин киргизген акчасын доолап, өкмөт менен бир топ аягы көрүнбөгөн соттошуулар болушу мүмкүн.

Мына ошентип бир жылдан ашуун убакыттан бери коомдук талкууда болуп, экологдордун жана коомдук активисттердин сунушу менен иштелип чыккан жапайы жаныбарларга аңчылыкка тыюу салган мыйзам парламенттен өтпөй калышы мүмкүн деген кооптонуу жаралды.

"Азаттыктын" архиви: "Аскада" калган аңчылык. 14-апрель, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG