"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Хакасиядагы өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын саны 50гө жакын болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде Хакасиядагы “Мен - кыргызмын” уюмунун президенти Азиз Чекиров билдирди.
Жумакан Акчалова 10 жашта болчу. Ошол кезде атасынын жашы 50гө чукулдап калгандыктан согушка барган эмес. Анын ордуна 18 жаштагы бир тууган агасы кетип, кайтпай калган.
Галы Алымкулова учурда 85 жашта. Согушка алгач абасы, анан атасы кетип, апасы чиедей балдары менен калганын үшкүрүнүп, көзүнө жаш тегерене эскерип отурду.
Ишкерлер чөйрөсү укук коргоо органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрүнө нааразылык билдиришүүдө.
Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш менен аякташына тылда жана ооруктагылар олуттуу салым кошкондугу белгилүү. Ал кезде иш тандабай, кош айдап, буудай оруп, фронтко азык-түлүктөн баштап, жылуу кийим-кече жөнөтүп турган кыз-келиндердин орду, ролу эбегейсиз.
Юстиция министрлиги саясий партияларды каттоо тартибин катаалдатып, алардын каржы булагын көзөмөлдөө демилгесин көтөрүп жатат.
Акыркы кездери өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулук, өз өмүрүнө кол салуу, көчөнүн селсаяк турмушуна аралашып кетүү сыяктуу өңдүү көрүнүштөр коомчулуктун назарын бурган олуттуу көйгөйлөрдөн болууда.
Республика боюнча аракечтикке берилген адамдардын расмий саны 40 миңге жакын. Алардын 4,5 миңге жакынын аялдар түзөт. Аракечтикке кириптер болгон аялдардын басымдуу бөлүгү пенсия курактагылар.
Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайыз көбөйгөн.
Аялдардын коомдогу абалы, турмушу, көйгөйү тууралуу "Азаттыктын" атайын макалалар топтомунда сөз болот.
Кыргызстанда кыз ала качуу көрүнүшү азайды, бул салт эмес, кылмыш экенин билип калышты. Бул тууралуу "Кыз коргон институту" коомдук уюмунун өкүлү, Филадельфия университетинин мурдагы кызматкери, кыз ала качууну иликтеп жүргөн эксперт Рассел Клейнбах "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
Бишкекте ар бир 6-7- өспүрүм кыз 14 жаштан баштап жыныстык катнашка барат. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жалпы арыздардын 3% гана сотко өтөт. Тартип коргоо органдарында аялдар кызматтык тепкичке өтө кыйынчылык менен көтөрүлөт. Булардын бардыгы Бишкекте өткөн аялдардын алгачкы Улуттук форумунда сөз болду.
Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку эки-үч жылда аялдар арасындагы кылмыштуулук өсүүдө.
"Азия Ньюс" гезитинин редактору, бир катар чуулгандуу макалалары менен белгилүү болгон журналист Аслан Сартбаев Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан-Кытай темир жолунун маршруту мурдагыдан 50 пайызга өзгөрдү.
Мамлекеттик ветеринардык департамент эшек этинин коомдук тамактануучу жайларда колдонулуп же сатылып жатканын текшерүүгө алат.
Президент Алмазбек Атамбаев мектептерде дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди кийүүнү колдой турганын дагы бир ирет тастыктады.
Репродукция боюнча кыргыз илимий борборунун айрым кызматкерлери депутат Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова аларды негизсиз куугунтуктап, өз тааныштарын ишке алып жатканын айтып чыгышты.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, кызматтан кетүүгө негизги себеп катары баштаган иштерине президенттен саясий колдоо болбой калганын атады.
Кант шаарынын тургуну, азиз Каныбек Мырзаканов жана анын жубайы Гүлнур Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында дайынсыз жоголгондорду издөө ишин үй-бүлөсү менен колго алышкан.
Дагы жүктөңүз