"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургуну Мирлан Мааданбеков түрдүү автоунаа тетиктеринен чакан трактор жасады.
Айыл чарба министри Нурбек Мурашев картөшкө тогуз сомго чыкканын айтты. Бирок министрдин сөзү менен дыйкандардын абалы коошпойт. Мисалы, картөшкөнүн мекени саналган Кочкордо анын баасы тыйынга да арзыбай, чирип, талаага тонналап ыргытылып жатат.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул чыгарылышында Жогорку Нарын каскадында курулушу токтоп калган ГЭСтерге бетон заводун курууга жабдуу алып келген сербиялык “СИМИ ДОО” компаниясынын сотко чейин жеткен окуясы иликтенди.
Уста Кубат Жумагулов ээр чаап, боз үйдүн жыгачтарын жасайт. Ал устачылыкты атасынан мурастап алган. Кочкор районунун Туз айылында жашаган устага буйрутмалар Нарын облусунун бардык аймагынан түшөт.
Жумгал районунун Сары-Булуң айылында жүздөн ашык киши жашайт. Кыштакта мектеп, бала бакча, медпунктту мындай кой дүкөн, мончо дегендин изи жок. Мобилдик байланыш араң эле тартат. Айылдыктар электр энергиясынын бардыгына ыраазы.
Азамат жакында эле үй-бүлөсүн тапкан. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да табылып, паспорт алууга жол ачылган эле. Кесиптешибиз Улан Эгизбаев көзү тирүүсүндө Азамат тууралуу тасма тартып, кулчулуктун торунан бошотуп, коомчулукка алып чыкканда кызуу талкууга алынган.
Жумгал районундагы Калык Акиев атындагы музыкалык драма театрынын имараты кулайын деп араң турат. Кооптуу жайдан кооптонгон өнөрпоздор учурда бир бөлмөдө тыгылып отурушат.
Бул берүүнүн аркысы менен Азамат кулчулук торунан бошонуп, өз алдынча жашоо кечире баштаган. Жакында эле ал ата энесин издеп жүрүп акыры тапканын кабарлады.
Жаратылышты коргоочулар райондогу 680 миң гектар жерди байырлаган канаттуулар, айрыкча соңку кезде кескин азайып бараткан кекилик, чил, кыргоол сыяктуу канаттууларды камкордукка алышат.
Кыргызстанда учурда ишембилик өтүп жатат. "Азаттыктын" бүгүнкү апта түрмөгү таштанды көйгөйү, кантип таза жашоого үйрөнөбүз деген маселеге арналат.
Анын алкагында Индиядагы диний көп түрдүүлүк, байыркы маданияты менен искусствосу тууралуу кеңири маалымат берилип, жаштарга йога менен машыгуу уюштурулду. Дүйнө элине тараган йоганын философиясы, тарыхы жана сыры тоолуктар үчүн жаңылык болгону менен аны үйрөнүүгө кызыкчылык күчтүү экендиги байкалды
Кыргызстанда соңку жылдары той-ашка кеткен чыгымды азайтуу демилгелери көтөрүлө баштады. Бирок андан майнап чыгабы? "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул маселени кеп кылабыз.
Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Таасынбек Жумалиев көп жылдан бери бука байлап, семиртип сатат. Иштин көзүн тапкан ишкер айылдаштарына малды кантип багууну жана кирише табуу жолдорун үйрөтүп келет.
Ак-Талаа районунда спирт ичимдиктерин саттырбоо демилгеси күч алды. Акыркы алты айда эле бул райондогу 13 айыл аймактын жетисинде арак сатылбай калды.
Нарын районундагы Жалгыз-Терек айылы өнүгүүдөн артта калгандай. Кулап калган маданият үйү, авариялык абалдагы медпункт жана тар бөлмөлүү балдар бакчасы айылдын башкы маселеси. Мындан тышкары айылда таза суу көйгөйү да курч турат.
Кышы узак жана суук Нарын өрөөнүндө бирин-экин конок үйдү эске албаганда хостел бизнеси жакшы калыптана элек. Бирок кышкы туризмди өнүктүргүсү келген ишкерлер Нарында жок эмес. Исабек Абдыгазиев карагай-черлүү тоого жакын конок үй салып, жайдыр-кыштыр меймандарды күтүп алат.
Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну Элмира Асекованын сегиз баласы бар. Балдардын улуусу турмуш курган. Кичүүсү эки жашта. Баатыр эне азыр эч жерде иштебейт. Күйөөсү да жумушсуздуктун айынан үйдө. Үй-бүлө бир уйдун сүтү жана алты миң сом жөлөк пул менен жан сактайт.
Жумгал районунда хоккейге кызыгуу күч. Кокус барып калсаңыз көк муштум болгончо муз аянтында жүргөндөрдү көрөсүз. Элеттиктердин мындай жапырт кызыгуусунан улам, Жумгалдын ар бир айылына атайын хоккей борттору коюлуп, хоккей мектептери ачылды.
Ушул тапта Кара-Кечеде көмүр күткөн оор жүк ташуучу автоунаалар шурудай тизилип турат. Айдоочулардын алды бул жерде үч суткадан бери кезек күтүүдө. Көмүр ташыгандардын арасында автоунаанын ичине темир меш орнотуп, чай кайнатып ичкендер да бар.
Кара жанды карч уруп, күн-түн дебей иште жүргөн жолчулардын иши кыш мезгилинде кычайт. Айрыкча кар тынбай жааган убакта алар үй бетин көрбөй калат. Кычыраган суукта тоңуп тайгак жолго шагыл себүү алардын милдети. Бирок мындай түйшүктүү жумуштун айлыгы да жарытпайт.
Дагы жүктөңүз