"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Адам укугуна арналган даректүү тасмалар боюнча кинофестивал 6-ноябрда башталды. Фестивалга 40тан ашуун тасма келип түшкөн, алардын ичинен 17 тасма тандалып алынган. 20-ноябрга чейин созула турган фестиваль быйыл "Адам укугу жана эркиндиги туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында" деген ураандын алдында өтөт.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын аймактык башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн үй куруп жаткан компанияга 200 миң сом айыппул салды. Буга курулуштун талапка жооп бербегендиги негиз болгон.
Нарын шаарындагы майып балдарды окуткан «Кадам» реаблитациялык борбору балдарды таратууга аргасыз. Анткени аталган борбордун имараты жылытылбай, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жалгыз жылыткычтын көзүн карап олтурушат. Эми суук күчүнө кирсе, окууга таптакыр мүмкүн болбой калат.
Нарында кесиптешин атып алган милиция кызматкеткерине кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалды. Адистер бул фактыларды милицияда ички коопсуздукка жана адистердин даярдыгына жетиштүү маани бербестиктин кесепети катары баалап жатышат.
Жумушу оор, ден соолукка зыяндуу болсо да мамлекет тарабынан эч кандай кошумча төлөм каралган эмес.
Памирлик кыргыздардын Нарынга келгенине бир аптадай болуп калды. Бул убакытта алар облустук ооруканада ден соолуктарын каратып, коомчулукка аралашуу аракетин көрүшүүдө. Ал үчүн атайын психологдор жана мугалимдер иш алып барышууда. Ооганстандан келген 33 памирлик кыргыздардын арасында алты үй бүлө ба
Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын тургуну Замира айылдык жөнөкөй кыз. Бирок, ал алты жыл окуган келечектүү программист кесибин өз каалоосу менен малчылыкка алмаштырып, ат жалында жигиттерден кем калышпай ойногону көпчүлүктү таң калтырбай койбойт. Ал учурда атасынан калган мал жандыктарын карап, очогун
Памирлик кыргыздарды Нарында өзгөчө шаң, өнөрпоздордун ыр-күүлөрү менен тосуп алышты. Беш жүздөй кишинин катышуусундагы өткөн салтанат ооган кыргыздарын кубанычка бөлөдү. Ушул эле күнү журтташтарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн журтташтарды облустук ооруканага жайгаштырышты.
Ооганстандан алып келинген памирлик кыргыздар 13-октябрда Нарынга жеткирилди.
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Дөөлөтбек Бешкүрөңов айылдагы музыкалык мектепте мугалим болуп иштегенине 40 жылга чалмалап калды. Анын көзү азиз болсо да балдарга сабак берип, компьютерде иштеп, бир кездеги группалаштары менен скайп аркылуу сүйлөшүп турат. Жашоонун сыноосуна сынбай теске
Жергиликтүү бийлик болсо колдогу айыл чарба техникалардын эскилиги жетип, оруп жыйноодо кыйынчылык болуп жатканын билдирүүдө.
Нарын мамлекеттик университети менен Борбор Азия университетинин студенттери биргелешип "ыр кесе" өткөрүштү. Бул маданий иш-чара тоолуу аймакка келип, окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн ынтымагын бекемдөө максатын көздөдү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Максат Шырдаков кадимки “Жигули" машинесинин тетиктеринен картошка каза турган кичи трактор жасады. Учурда элдин баары анын трактору менен картошкасын казып жатат.
Кышы узак, жайы кыска Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын дыйканы Кенжетай Үркүнчиев айдаган дарбызынын түшүмүн алды. Беш жылдан бери дыйканчылык кылган Үркүнчиевдин бакчасында дарбыздан тышкары кулпунай, помидор, бадыраң сыяктуу Ат-Башы өрөөнүндө өспөй турган өсүмдүктөрдүн түрү айдалган.
"Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы "Талапкерлердин кандай максат, милдети сизде ишенимди пайда кылды?" деген суроо берип, жооп алды.
Эки колу төрөлгөн күнүнөн тарта тубаса өспөй калган Бейшебай учурда ырчы болсом деп тилеп, үнүн таптап жаткан учуру.
ГЭС куруу үчүн бийликтин бир эмес эки жолку аракети ишке ашпаганын көргөн айрым тургундар ГЭСтен үмүттөрүн үзүп, жерди кайра элге кайтарып бериши керек деген ойлорун айтышууда.
Уюштуруучулардын айтымында бул фестивалды шаарга турист тартуу максатында биринчи ирээт өткөрүлүп жатат. Фестивалда кыргыздын каада салт, үрп адаттары көрсөтүлүп, туристтерди кызыктыруу үчүн аракеттер жасалды.
Окуу жылы башталганда чочулаган ата-энелер эми балдарын тобокелге салып окууга жиберип жатышат.
Адистер мындан туура 47 жыл мурун курулган Ат-Башы ГЭСи тезинен реконструкцияланбаса иштен чыгышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышат.
Дагы жүктөңүз