"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Ат-Башы районунун дарыгерлери баланы эмчек сүтү менен гана чоңойтуу керек деген сөздөр жазылган чакырыктарды көтөрүп алышып, район борборунда жөө жүрүш жасашты. Мындан тышкары "Бактылуу эне-бала" аттуу акция уюштурушту.
Археологдор Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынан жер астындагы күмбөздү табышты. Алар күмбөздү Махмуд Кашгаринин дүйнө картасында көрсөтүлгөн Кочкор-Башы шаарынын бегиники деп санашууда.
Ат-Башы районунун Ак-Сай жайлоосундагы малчылар медициналык кароодон өтүп жатат. Жаратылышы катаал бул аймакка ушул айдын башында Саламаттыкты сактоо министрлигин демилгеси менен Кыргызстандын жана Швецариянын дарыгерлери малчылардын ден соолугун текшеришүү үчүн келген.
Нарындагы Турук көмүр кени быйыл да элди көмүр менен камсыз кыла албай калышы ыктымал. Анткени учурда бул кенде көмүр казуу иштери баштала элек. Облус элинин отуз пайызын көмүр менен камсыз кылган Турук кени эң эле аз дегенде 20 миң тонна көмүр өндүрүшү керек. Кен азыркыдай ыргакта иштесе Нарында бы
Жергиликтүү жаштар кыштакта спирт ичимдиктерин саттырбоо максатында ушундай кадамга барышты.
Ат Башы районунун Чар өрөөнүнө быйыл атайын мектеп окуучулары үчүн жайкы лагерь ачылды. Тоо боорундагы бул жайды жеке ишкер Исабек Абдыгазиев уюштурган. Учурда бул жерде жыйырмадан ашык окуучу эс алып жатышат.Алар күнү кечке ойношуп жаратылышка саякат жасашат.
Жерүйдүн эсебинен курулмак болгон жүз мектептин ичине кирген Нарын районундагы Эчки-Башы айылындагы орто мектептин курулушу бул жылы да бүтүшү күмөн. Аталган мектептин жаңы имараты өткөн жылдын декабрь айында колдонууга берилиши керек болчу. Бирок курулуштун көбү бүтүп, азы калганда каржылоо токтоп,
Облустук дарыгерлер быйыл бул дартка чалдыккандардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү деп коңгуроо кагып жатышат.
Нарын шаарына жакын жайгашкан Айгыр-Жал аймагында таш дооруна тиешелүү буюмдардын калдыктары табылды. Азыр археологиялык казуу иштери жүрүп, аларды тереңирээк изилдөө аракети көрүлүүдө.
Акыркы кезде нарындыктар эс алуучуларга кызмат көрсөткөнгө элпек болуп калышты. Алар жергиликтүү эс алуучулар үчүн шаардын четине же башка ыңгайлуу жерлерге боз үй тигип, казанын асып, отун-сууларын даярдап турушат.
Быйыл Нарын облусунун жайыт жерлеринде чегиртке көп. Эрте чара көрүлбөсө, эгин менен тоюттан куржалак калабыз деп дыйкандар коңгуроо кага баштады.
Дүйшөмбүдө FINCA банкынын мурдагы он чакты кызматкери банктын Нарын шаарындагы филиалынын имаратынын алдына нааразылык митингге чыгышты. Алар бул акция менен банк мурда иштеген кызматкерлерге бийик тоолуу аймак үчүн төлөнүүчү кошумча төлөмдөрдү өз убагында бербей келгенин билдиришти.
Нарын районунун Достук айылынын тургуну Жамбы Карыбекова өзүнүн айылындагы уздардын башын кошуп кол өнөрчүлөрдүн кооперативин 1995-жылы түзгөн. Андан бери Карыбекованын коореративи бир нече эл аралык көрсөтмөлөрдө катышып продукциялары бир катар чет өлкөлөргө чейин сатылган. Карыбекова бул эмгегинин
Тартип сакчылары жоопко тартылган мындай учур Нарында биринчи ирет катталды.
Акыркы убакта Нарында аары багып, асел тарткан балчылар көбөйдү. Эспарцет чөбү жыш өскөн аймакка бал челектерин кырка тизип алып, күнү бою аарылар менен алпурушкан балчылардын түйшүгү кеч күздө гана токтоп, аарыларын кышкы уйкуга узатат. Ага чейин нарындык балчелекчилердин тарткан түйшүгү түмөн, ата
Чехиялык Liglass Trading CZ SRO компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 500 миллион доллардай инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Нарын облусундагы курулушу токтоп турган каскадда өткөн брифинг учурунда компаниянын өкүлү Йиржи Войтеховски журналисттерге билдирди.
Ат-Башыда шаршемби, 28-июнда эл аралык шырдак фестивалы өттү. Ушуну менен жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык шырдак фестивалына бул жолу чет өлкөлүк бир нече турист катышып күбө болду. Бирок шырдактарын көтөрүп көргөзмөгө келген жергиликтүү уздардын соодасы кызыган жок.
Байыркы шаардын изине түшүп, ал аркылуу археология илимине салым кошуп келаткан ыктыярчы-археолог Кайырбек Коңурбаев. Анын ынтызарлыгы, дымагынын арты менен Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын аймагында археологиялык казуу иштери башталды.
Ушундан улам бир ай мурун оор жүк ташыган машиналардын өтүүсүнө тыюу салынган.
Мындан бир нече жыл мурун башталган жайлоодогу бала бакчалардын саны Нарын облусунда сегизге жетип, жыл өткөн сайын сапаты да жакшырып бара жаткандай. Мурда жалгыз боз үйдү айланчыктап жүргөн балдар азыр китепканасы, ашканасы, ал гана эмес жуунучу жайы бар бакчаларга бара баштады.
Дагы жүктөңүз