Нарында жол эрежесин бузган айдоочунун чыры
Нарында милиция кызматкерине кол көтөргөн адам кармалып, камакка алынды. Тескөөчүлөр автоунаанын айдоочусуна барып, ал жол эрежесин сактабай жатканын эскертишкенде, айдоочу тартип сакчыларына баш ийбей, аларга кол көтөргөн.