"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. 2021-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2021-жылы MediaCAMP Award сыйлыгын алган.
Оштогу Жаңы-Маала айылында акыркы жылдары өзгөрүү арбын. Айыл тургундарынын көбү муниципалдык ишканаларга ишке кирип, жаштары билим алып, ар кыл кесиптин ээси болууга умтулууда. «Данисте» лөлү тектүүлөрдүн бүгүнкү жашоо-турмушу тууралуу баяндайт.
Баткен шаарынан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Зардалы айылы көп жылдар бою жарыксыз, интернетсиз жана жол азабын тартып жашап келген. Кышында тышкы дүйнө менен байланышы үзүлүп, тургундар кооптуу тоо жолдорун жөө басып каттоого аргасыз болушкан.
Оштун Өзгөн районунда бир айдын ичинде өз өмүрүнө кол салган үч учур катталды
Ошто “снос” өнөктүгү кайра башталды. Бул жолу шаардагы Ак-Буура дарыясы жана Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз делген курулуштар бузулууда. Жээк бойлой, айрымдары суунун так үстүнө салынган объектилер экс-чиновниктерге жана уюшкан кылмыштуу топтордун мурдагы мүчөлөрүнө таандык экени айтылууда.
Чек ара кызматынын жоокери, Ош облусундагы "Эркечтам" өткөрүү пунктунда келишимдик негизде кызмат өтөп жатып өмүрүнө кол салды делген 22 жаштагы жигиттин абалы оор. Ал дагы эле эсине келе элек. Учурда Гүлчөдөгү шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчуларынын үч айдан бери төлөнбөй жаткан маяна карызы мамлекеттик бюджеттен жабылат, ишканага жаңы инвестор табылганча жумуш убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу 2-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.