"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
2007-жылы Ош облусунда 40тан ашуун ымыркай дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ инфекциясын жуктуруп алышкан эле. Күнөөлүүлөр жазаланбай, мамлекет тарабынан да тийиштүү көңүл бурулбаганынан улам ошол балдардын ата-энелери митингге чыкты.
Бакиев бийлигинин тушундагы оппозиция лидерлеринин бири, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев 7-апрель окуясы боюнча сотто күбө катары суралды.
Эгемендикке арналган салтанат аяктагандан кийин аянтта жана анын тегерек четинде таштандылар жайнап калды.
Түштүк Кореяда мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыздар ар кандай кырсыктарга кабылууда жана айрымдары өлкөдөн чыгарылып жатат.
Бейбаш өспүрүмдөр менен иштеп, алардын укуктарын коргоочу атайын уюм ачылганы жатат. Буга байланыштуу Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын юристи Мирлан Медетов “Азаттыкка” маек курду.
7-август түнү Ысык-Көлдө эс алып жүргөн казак жараны Ерлан Балмахаевди сабап, тоноп кетишкенин кабарлаганбыз. Ушул тапта Балмахаев Чолпон-Ата шаардык ооруканада жатат.
Кыргызстанда акыркы 2 жылдын ичинде ара төрөлгөн 500дөн ашык ымыркай чарчап калган. Бишкектеги перинаталдык борбордун ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Аида Кулубаева “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү мигранттар үчүн консулдук төлөмдөрдү кыскартуу боюнча токтомду коомдук талкууга алып чыкканы жатат.
Кыргызстанда маңзат чеккендер жана сайынгандар саны көбөйүүдө. Бул ооган апийиминин көбөйүшүнө жана салыштырмалуу арзандыгына байланышкан.
Бишкектин колтугундагы Ак-Жар конушунун тургундары социалдык талаптар менен эки күн бою Бишкек менен Нарын, Ысык-Көл дубандарын байланыштырган жолду тороп турушту.
Бишкектин четинде Ак-Жар аттуу конуштун тургундары Бишкек – Торугарт автожолун бууп салышты.
Бишкектен чыккан “Ролс” тобу дүйнөгө даң салган “Битлз” тобун пир тутуп, жалаң гана анын чыгармаларын аткарып жүрөт. Аз убакыт арасында “Ролс” тобу Кыргызстанда өз күйөрмандарын тапканга жетишти.
Кыргызстанда укук коргоочулар кылмыштуу иштерге кириптер болгон өспүрүмдөргө гумандуу мамиле жасоо чакырыгы менен прокуратура кызматкерлери жана тергөөчүлөргө кайрылды.
Бүгүн Бишкектин Спартак стадионунда өтүүчү Кыргызстан - Өзбекстан футболдук беттешүүсү бүт коомчулуктун көңүл чордонуна чыкты. Көпчүлүктү оюндун жыйынтыгынан мурда коопсуздук чаралары жана күйөрмандардын жүрүм-туруму кызыктырууда.
Кыргызстандын ар кайсы аймагынан Бишкекке келип, негизинен базарларда соода менен күн өткөрүп жаткандар шаарда каттоосу жоктугунан жапа чегүүдө.
Акыркы ай ичинде эле Кыргызстанда эки ымыркайды таштап кетүү фактысы катталды. ИИМ басма сөз кызматы наристелердин бири ооруканага жаткырылып, бири ымыркайлар үйүнө жеткирилгенин билдирди.
Миңдеген адамдар каттоосу жоктугунан медициналык жардам ала албай, балдарын мектепке бере албай келишет. Мамлекеттик каттоо институтун реформалоо керекпи?
Бишкекте “Ийгиликтин стратегиялары” аттуу Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын экономикалык симпозиуму башталды.
Латвиянын Юрмала шаарында өтө турган “Жаңы толкун-2011” сынагына быйыл Кыргызстандан эки ырчы катышат: Арсен жана Айбек Замирбек уулу.
Жарым жыл ичинде Бишкектеги балдар ооруканасына ата-энелеринен таяк жеген 26 бала кайрылган.
Дагы жүктөңүз