"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
12-июлда Жаза аткаруу башкы кызматы журналисттерди жакында удаа-удаа жаңжал чыккан Бишкектин четиндеги №3 түрмөдөгү абал менен тааныштырды. Андагы жаңжал улут аралык түскө ээ болду деген сөздөр тараган эле.
Бишкекте кумар оюндарына каршы акция өттү. Акциянын уюштуруучулары кумарпоздукка алдырган жаштардын саны артып жатат деп коңгуроо кагышты.
Жаштар арасында Кореянын музыкасы, сериалдары өзгөчө популярдуу болууда. Ал эми алардын каармандары кыргыз өспүрүмдөрүнүн кумирлерине айланууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иранда 2 жылдан бери кармалып жаткан Улмас Маматханов боюнча так маалымат талап кылган расмий нота жөнөттү.
Былтыркы июнь коогасындагы окуялардын негизинде “ Ак сентябрь” деп аталган көркөм-публицистикалык китеп жарыкка чыкты. Китептин автору Назира Раимкулова бул чыгарма тынчтык, гуманизим идеясын таратууну максатында жазылганын айтат.
19 жаштагы Бишкектик студент Борончу Чытырбаев Кыргызстандагы балдар үйлөрүндөгү абал жана андагы жеткинчектердин турмушу тууралуу кыска даректүү тасма тарткан.
Индонезияда маңзат менен кармалган Кыргызстандын жараны Жибек Сакеева Нигериядагы маңзат синдикатынын кезектеги курмандыгы болгон.
Баланын төрөлүшү кайсы гана үй-бүлө болбосун чон бакыт. Кыргызстанда төрөт учурунда аялдын жолдошун төрөт бөлмөсүнө киргизүү тажрыйбасы кеңири колдонула баштады. Бул эненин кыйналбай көз жарып алышына жакшы таасирин тийгизет дешет дарыгерлер, бирок коомдо бул тажрыйбага карата мамиле бирдей эмес.
Индонезияда маңзат менен кармалып, абакка түшкөн Жибек Сакеева менен бир кездеги сүйлөшүп жүргөн Вячеслав Овчинников “Азаттыкка” маек курду.
Бильярд боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев июнь айында Ысык-Көлдө чоң турнир өткөрүүгө камынууда. Ал 20-апрелде кезектеги эл аралык таймашка катышуу үчүн Орусияга аттанды. Сагынбаев сапар алдында "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.