Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Исраилов "Шабытты" утуп келди


Астанада өткөн “Шабыт-2011” эл аралык чыгармачыл жаштар фестивалында кыргызстандык жаш ырчы Бек Исраилов баш байгенин ээси болду.

3-ноябрдан 8-ноябрга чейин өткөн бул сынакта 300дөн ашык талант ар кайсы жанр боюнча ат салышкан. Гран-принин ээси болуп, кубанычы койнуна батпай турган 19 жаштагы Бек Исраилов “Азаттыкка” маек курду.

- Бек, жеңишиң менен куттуктайбыз! Алгач ушул сынак жөнүндө айтып берсең?

- Рахмат, бул чоң деңгээлдеги эл аралык фестивалдардын бири. Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн келген таланттар катышты. Сынак бир нече жанр боюнча өттү. Мен эстрада жанры боюнча талантымды көрсөттүм.

- Кайсы чыгармаларды аткардың?

- Мен биринчи күнү R.Kelly аттуу ырчынын I believe, I can fly деген чыгармасын аткардым. Экинчи күнү орус тилинде “Как много девушек хороших” деген ырды ырдадым. Ал эми бүгүн, сыйлык алар алдында “Жамгыр төктүнү” ырдайм.

- Сенден башка бул фестивалга дагы канча адам катышты?

- Кыргызстандан үчөөбүз катыштык. Менден башка дагы Талас Кемел уулу жана Бектур Шаршеналиев барды. Сүйүндүргөнү - үчөөбүз тең финалга өттүк. Мен баш байгени жеңип алдым. Ал эми Талас менен Бектур фестивалдын лауреаттары болушту. Бул да чоң жетишкендик деп ойлойм.

- Ушул убакытка чейин дагы башка сынак-фестивалдарга катыштың беле?

- Ооба, ушул жылдын жай айларында өткөн “Ысык-Көл – 2011” музыкалык сынагында 1-орунду ээлегем, эки ай мурда Украинада өткөн “Чыгыш базары” сынагынын лауреаты аталдым. Ал эми Гран-приге биринчи жолу ээ болдум. Абдан кубанып, толкунданып турган кезим.

- Музыкага болгон ынтызаарлыгың качан ачылган? Канча жашыңдан бери ырдап келесиң?

- Мен бала чагымдан бери эле ырдап келем. Мектепте окуп жүргөндө эле чакан концерттерде ырдап жүрчүмүн. Менин музыкага болгон сүйүүм ошентип ачылды го дейм.

- Туугандарыңа, ата-энеңе сүйүнчүлөдүңбү?

- Албетте. Алар да кубанып, менин келишимди күтүп жатышат. Өзүм да сүйүнүп турам. Алдыга койгон көп максаттарым бар. Кудай буйруса алардын баарын ишке ашырып, Кыргызстандын желегин дагы көп сынактарда желбиретем деген оюм бар.

- Рахмат, ийгилик болуп, тилектериң орундалсын.

XS
SM
MD
LG