Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстандык ырчы Москваны багындырды


Кыргызстандык ырчы Марат Ибраев Москвада өткөн эл аралык романсиада сынагын жеңип алды. Аны Орусиянын эмгек сиңирген артисти Галина Преображенская дүйнөнүн мыкты тенору деп атады. Чыгармачыл үй-бүлөдөн чыккан Марат Ибраев 40 жашында биринчи жолу сахнага ырдап чыккан экен.

“Азаттык”: Жеңиштин деми кандай экен? Дагы эле толкунданып жатасызбы?

Марат Ибраев: Дагы эле өзүм Москвада жүрөм го. Азыр Кыргызстанда жүргөн менен жаным, жүрөгүм Москвада жүрсө керек.

“Азаттык”: Сиз чыгармачыл үй-бүлөдөн чыккан адамсыз. Бообек Ибраев менен Гүлсүн Мамашеваны билбеген киши жок болсо керек. Негизи чыгармачыл үй-бүлөнүн таланттуу балдары кичинесинен эле көзгө уруна баштайт. Бирок биз сизди кийин эле көрүп калдык. Мындай таланттуу жигит анда кайда жүрдү экен?

Ибраев: Уктап жүрсөм керек. Мен баягы чоң ата, чоң апамдын колунда өскөм. Ал жакта өзүмчө иштеп жүрдүм. Ата-энем чыгармачылыктын ысык-суугун жакшы билишкендиктенби, бизди бир башка жолго багыттаган да. Бирок кийин болбой эле кыялым койо бербей, чыгып алдым.

“Азаттык”: Чыгармачылыкка чейин эмне менен алек болуп жүрдүңүз?

Ибраев: Мен “Кумтөр” компаниясында иштейм. Политехти бүтүргөм. Анан турмуш ошол жакка буруп койгондуктан иштеп калдым. Бара-бара ичиңдеги болгон нерсе түртө берет экен. Ошентип кеч болсо да болбой эле сахнага чыктым.

“Азаттык”: Биринчи жолу сахнага канча жашыңызда чыктыңыз эле? Эл кандай кабыл алды? Чыгармачылыктын түйшүгү кандай экен?

Ибраев: Оңой эмес экен. Чыгармачылык - бул изденүү эмеспи. Күнүгө изденесиң. Канчалык көп изденсең, ошончолук жакшы чыгасың. Мен 2009-жылы биринчи жолу чыктым. Ошондо кыркка келип калган элем. Мына андан бери эки-үч жыл болуптур. Анча-мынча сахнага чыгып, бул жерден ырдап жүрдүм. Анан чет жактарга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүмдү карадым. Ошентип былтыр Казакстанга барып, биринчи орунду алдым. Ошол жерден чыккандан кийин, Москвага чакыруу болуп калды. Кудай буйруса, ийгилик менен келдик.

“Азаттык”: Романстарды ырдайт экенсиз. Эмнеге бул жанрга токтолдуңуз?

Ибраев: Мен эми Покровка деген орус айылында чоңойдум. Азыр Кызыл-Суу деп койот. Классташтарымдын көбү орус балдар эле. Анын үстүнө совет мезгилинде тарбияландык. Көбүнчө орусча ырларды угуп жүрүп, алар кыргыз ырларындай эле мага сиңип калды. Кайсы сынактар бар болду экен деп изденгенде ошол романсиада деп көрүп калдым. Бул мага жакын болду окшойт.



“Азаттык”: Кыргызча көп ырдагыңыз келбейби?

Ибраев: Кыргызча деле ырдайм. Мен кыргызча же орусча эле эмес, англисче деле ырдайм, кудайга шүгүр.

“Азаттык”: Жеңиш колуңузга тийип, дүйнөгө жол ачылып жатат да. Болот Миңжылкыевдердин жолун улаганы турасыз го?

Ибраев: Эми кудай берсе. Мен үнүмдү өзүм таптап алган жокмун. Бул кудайдан берилген нерсе экен. Ошону элге жеткирейин дедим.

“Азаттык”: Москвадагы жеңишиңизди кантип белгиледиңиз?

Ибраев: Сынактан кийин мейманканага келип уктадым. Ушунчалык чарчаптырмын. Жарым жыл бою тапталдым эле. Психологиялык жактан даярдык көрүш керек экен. Биринчиликти алдым дегенде эле өзүмдү таштап жибердимби, ошондо гана чарчаганымды билдим. Ошентип эс алдым.

“Азаттык”: “Я помню чудное мгновенье” деген белгилүү романсты аткарыпсыз. Мындай сынакка ыр тандоо деле оңой болбосо керек?

Ибраев: Бул Пушкиндин чыгармасы эмеспи. Муну бардыгы билет. Ал жердеги консерваториянын профессорлоруна, чоң театрдын солисттерине белгилүү. Бирок мунун бир жагы аны өтө так аткаруу керек болду. Туура эмес ырдап койсоң дароо билинип калат. Ошондуктан бул чыгарманы бешке гана ырдоо керек эле.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG