Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Азизбек: Музыканы абдан жакшы көрөм


15-октябрь – эл аралык Азиздер күнүнө карата Москвада жаш таланттардын “Ак таяк” деп аталган экинчи эл аралык фестивалына Кыргызстандан 15 жаштагы Нурдил уулу Азизбек да катышып келди. КМШ мамлекеттери арасында өткөрүлгөн фестивалдан кийин жаш ырчы “Азаттыкка” маек курду.

- Бул фестивалга кантип катышып калдың? Кыргызстандан жалгыз эле сен катыштыңбы?

- Ооба, Кыргызстандан жылгыз эле мен бардым. Бул фестивалды белгилүү орус ырчысы Диана Гурцкаянын фонду уюштурган экен. Алар Кыргыз өкүлчүлүгү аркылуу Билим берүү министрлигине чакыруу жиберишиптир. Мен көзү начар көргөн жана көзү азиз балдар үчүн атайын мектеп-интернатында окуйм. Биздин директор Камила Амановна мени сунуштап, фестивалга катышып калдым.

- “Белая трость” фестивалы жөнүндө айта кетсең, качантан бери өткөрүлүп келе жатат? Канча өлкө катышты?

- Фестивал быйыл экинчи жылы өтүп жаткан экен. Көп эле өлкөлөр катышты. Мисалы, Армения, Украина, Тажикстан, Орусия, айтор КМШ мамлекеттеринен баары эле катышты.

- Сен кайсы чыгарманы аткардың? Белгилүү орус ырчылары да балдарды коштоп ырдашкан турбайбы, сен да кимдир бирөө менен чыктыңбы?

- Жок, мен жалгыз эле чыктым. “Ысык-Көл” деген чыгарманы аткардым. Орус аткаруучулары да болду. Ырчылар Дима Билан, Надежда Бабкина, бийчи-балерина Анастасия Волочкова жана башкалар келишти.

- Фестивалга барып-келүү каражатын ким көтөрдү? Демөөрчүлөр болдубу?

- Бардык чыгымдарды, менин барып-келген жолумду, тамак-ашымды фестивалды уюштурган Диана Гурцкаянын фонду төлөдү.

- Кудай ар кимге эле ырчылык талантты ыроолобойт эмеспи, сен өзүң канча жашыңдан бери ырдап келесиң?

- Мен кичинемден бери эле ырдайм. Бирок эл алдында ырдай баштаганыма үч жыл болду. Ар кандай эл аралык конкурс, фестивалдарга катышып келем. 2009-жылы Австрия жана Германияда өткөн “Ачык дүйнө” деген фестивалга да катышкам.

- Атагы дүйнөгө чыккан ырчылар Стив Уандер, Андреа Бочелли да көзү азиз болгонуна карабастан бийиктиктерди багындырышты. Сенин алдыдагы максаттарың кандай?

- Албетте мен музыканы абдан жакшы көрөм. Бирок келечекте мен ырчы болгум келбейт. Ырчылар жөнүндө ар кандай жаман сөздөрдү угуп, жалкып калдым. Мен массажист болгум келет.

- Анда эмесе “Азаттыктын” угармандарына бир шиңгил таштап, ырдап бересиңби?

- Ооба, албетте.



- Азизбек, маегиң үчүн рахмат. Чыгармачылыгың өркүндөй берсин.
XS
SM
MD
LG