Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

“Баритондор парадынын” башында - Керимкул Орузбаев


Улуттук опера жана балет театрынын солисти, “Баритондор парады” эл аралык фестивалынын лауреаты Керимкул Орузбаев отуздан ашуун опералык спектаклде башкы партияларды аткарып, шакирттерин ырчылык өнөргө үйрөтүп жүрөт.

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын ырчысы, Эл артисти Керимкул Орузбаев 2004-жылы Бишкекте өткөн баритон үндүү ырчылардын эл аралык фестивалында 18 ырчынын арасынан мыкты деп табылып, биринчи орунду жеңип алган.

Ырчы буларды эскерди:

- Анда Орусия, Казакстандан да баритон үндүү ырчылар келип, чоң сынак болгон. Мен ошондо Ж.Вердинин “Отелло” спектаклинен Ягонун ариясын ырдап, эл абдан жакшы кабыл алган. Ошондо калыстар да мыкты деп таап, биринчи орунду алгам.

Керимкул Орузбаев 1970-жылдан бери Опера жана балет театрында чыгармачылык менен иштеп келет. Опералык студияны аяктагандан кийин хордун солисти болуп, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрүп, театрдын алдыңкы баритон үндүү ырчылык даражасына жетет.



Азыр анын репертуарында жергиликтүү классик авторлордун чыгармаларынан тарта, дүйнөлүк классикалык опералар бар. Ушул жылдар аралыгында отузга чукул спектаклде башкы каармандардын ариясын аткарды.

- Мен студияны бүтүп, хордо иштеп жүргөндө театрдын башкы режиссеру Кубанычбек Арзиев мени карап туруп, “жандуу кыймылың, үнүң бар экен” деп П.Чайковскийдин “Черевичка” деген операсында Шайтандын ролун берди. Мен бир айда Шайтандын ариясын толук жаттап, биринчи жолу спектаклде роль ойноп чыккам. Андан кийин Н.Давлесовдун “Курманбегинде” Курманбектин, “Айчүрөктө” Семетей, “Ажал ордунда” Искендер, Вердинин “Аидасында” Амонасро, "Ригалеттодо" Ригалеттонун, Рахманиновдун “Олег” операсында Алеконун ариясын ырдадым. Дагы көптөгөн арияларды ушул убакта да аткарып жүрөм.

Керимкул Орузбаев атайын чакыруу менен Алматыдагы Абай атындагы Улуттук опера жана балет театрына барып, мыкты делген партияларды аткарып жүрдү.

- Казакстанга барып, Улуттук опера театрынан П.Чайковскийдин "Евгений Онегин" операсында Онегиндин, “Иолантодо” Роберттин, Ж.Вердинин “Аидасында” Амонасронун ариясын аткарып, бир айда эки-үч жолу спектаклдерге катышып жүрдүм.

Эл ырчысы опералык ырлардан сырткары концерттерде кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан башка Италиянын элдик ырларын, орус романстарын да аткарып жүрөт.



Керимкул Орузбаев 1951-жылы Жети-Өгүз районунун Чырак айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1968-жылы Мамлекеттик искусство институтуна окууга тапшырганы келет. Комиссия "жашы жетпейт, бир жылдан кийин кел" деп документин кабыл албайт.

Айылга кете турган болгондо СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаева ырчылык шыгы бар экен деп Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияга окууга киргизет. Ал жерде убагында Хусейин Мухтаров, Токтоналы Сейталиев, Болот Миңжылкиев жана башка мыкты ырчылар тарбияланышкан.

Ал кырк жылдык чыгармачылык чыйырында топтогон тажрыйбасын учурда консерваторияда шакирттерине үйрөтүп, сабак берип жүрөт. Опера жана балет театрынын репертуарындагы спектаклдер Керимкул Орузбаевдин катышуусусуз өтпөйт.
XS
SM
MD
LG