Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Google кыргызча сүйлөйт


Кыргыз тили Google Translate котормочусуна киргени турат. Бул долбоор ишке ашса кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана кыргыз тилдүү интернет колдонуучуларынын көбөйүшүнө чоң өбөлгө түзөт.

Тилди Google Translate сайтына киргизүү үчүн 1 миллиондон ашык кыргыз тилиндеги сүйлөмдөрдү жана сөз айкалыштарын башка тилге котормосу менен базага киргизүү керек. Азыр уюштуруучулар котормо менен базага киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Ошентип интернет колдонуучулар эң көп колдонгон Google компаниясынын Google Translate котормо кызматы жакында кыргызча сөздөрдү да которо баштамакчы.

Google Translate бул дароо 58 тилге которууну сунуш кылган акысыз которуу кызматы. Ал киргизген тилдердин каалаганына айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү жана бүтүндөй веб-барактарды которот.

“Google Translate кыргызча” долбоорунун демилгесин “ISOC Кыргыз интернет коому” фонду жана ыктыярчылар тобу июль айында көтөрүп чыгышкан. Алгач техникалык мүмкүнчүлүктөрүн түзүп алган соң, уюштуруучулар кыргыз тилиндеги сүйлөмдөрдү котормолору менен атайын базага топтой башташкан.

Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Төлөгөн Аматов айтып берди:

- Кыргыз тили Google translate котормочусунда пайда болуусу үчүн чоң эмгек керек. Азыр биздин долбоордун үч котормочусу которулган сөздөрдөн түгөйлөрдү түзүп, Enetil.kg сайтына киргизип жүктөп жатышат. Кийин 1 миллион түгөй чогулган соң Google translate сервисине берилет. Калоочулардан баары бул долбоорду өнүктүрүүгө өз салымын кошо алышат. Бул үчүн башка тилде бирдей котормосу бар кыргыз тилиндеги текстти Enetil.kg сайтынын маалымат базасына жөнөтүү керек.

Google translate сервисине жаңы тилди киргизүү үчүн бир катар шарттар коюлат, алардын эң маанилүүсү - интернетте параллелдүү беттердин, башкача айтканда кыргыз тилиндеги беттердин жетиштүү санда болушу.

Дагы башка шарттары тууралуу жана котормочуда кыргыз тилинин пайда болушунун артыкчылыктарын уюштуруучулардын бири Алина Фадеева түшүндүрө кетти:

- Кыргыз тилинде сүйлөгөндөр дүйнөлүк интернет желесинен көбүрөөк маалымат алып, анын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана алышат. Башка тилдерде сүйлөгөн колдонуучуларга кыргыз тилиндеги ресурстардан түздөн-түз которууга шарт түзөт. Ал эми кыргыз тилинин котормочуда пайда болуусу үчүн дагы бир маанилүү шарт керек. Ал - Wikipedia интернет-энциклопедиясында кыргыз тилиндеги макалалардын көп болушу. Азыркы мезгилде ал жакта 2 миңдин тегерегиндеги гана макала бар. Ал эми казак тилиндеги баракчалардын саны 100 миңден ашат.

“Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева да кыргыз тили бул котормочуга кирсе тил гана эмес, жалпы интернет колдонуучулары үчүн жакшы саамалык болот деген ойдо:

- Мен долбоорду колдойм. Анткени бул кыргыз тилдүү интернет контентинин өсүшүнө чоң жардам берет. Анан азыр эч бир издөө системасында кыргыз тили жок. Ошондуктан ыктыярчылар баштап жаткан долбоор абдан жакшы саамалык.

Жалпы КМШ мамлекеттеринин арасынан 6 өлкөнүн тили Google Translate котормочусуна кирген. Алар орус, беларус, украин, армян, азербайжан жана грузин тилдери. Ал эми Борбор Азиядан бир да тил кире элек. Эгерде 2012-жылдын баштапкы айларында кыргыз тили бул котормочуга кирип калса, анда Борбор Азия тилдеринин ичинен биринчи болот.
XS
SM
MD
LG