"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Орусияда акчанын кунунун түшүшү жана миграция саясатындагы өзгөрүүлөр эмгек мигранттары арасында мекенине кайтууну каалагандарды санын көбөйттү. Кыргызстандык эмгек мигранттары бул көйгөйдү башынан кантип өткөрүп жатышат? “Азаттыктын” кабарчыларынын апта темасына арналган макалаларын сунуштайбыз.
Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджетинде билим берүү жана коммуналдык тейлөө тармактарына басым жасалып, мугалимдерге жана медиктерге түрдүү жеңилдиктерди берүү пландалды.
Кара-Суу шаарындагы мечит имамы Рашод Камаловдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эки айга камакка алынды. Милиция аны халифат курууга үндөгөн деп күнөөлөгөндөн сырткары, Сирияга барууга чакырык жасаган деп айып тагууда.
Азчылык улут өкүлдөрүнүн күч органдарына болгон ишеничи оң тарабына жыла элек. Адистер Оштун шартында өзбек тектүү жамаат милицияга жана УКМК кызматкерлерине дагы деле ишенбейт дешет.
Издөөдө жүргөн Канжар Кадыралиевдин “оң колу” делген Абдисалам Амановдун апасы да уулу күнөөсүз экенин айтып чыкты. Аманов жакында кармалган, ал эми Кадыралиев өзү али колго түшө элек.
"Азаттык" балдарга карата зөөкүрчүлүк менен зомбулук көрүнүштөргө коомчулук мамилесин ар тараптан талдап көрдү.
Төрт бөлмөлүү үйүн алдырып жиберген үй-бүлө аларды алдап кеткендерди Жогорку Соттун төрайымы Жамашева коргоп жатканын айтып даттанууда.
Социалдык коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда майыптыгы боюнча расмий каттоодо турган 160 миңден ашык жаран бар. Бул макалалар топтомунда алардын күндөлүк жашоо-тиричилигинин айрым өңүттөрү тууралуу сөз болот.
Ошто эки батирди алдамчылык менен сатып жиберген Нурсултан Акимбаев аттуу жаран изделип жатат. Үй ээлери анын жоопкерчиликке тартылбаганын жеңеси, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен байланыштырууда.
УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Оштогу Манастын эстелиги боюнча кылмыш ишин козгоду. Күч органдары ал курулган кезде 10 млн. сомдон ашык акча желгенин негиз кармоодо.
"Азаттык” радиосу атайын радиобаяндар түрмөгүндө бул ирет үй-бүлө темасына кайрылды. Кыргызстанда үй-бүлө куруунун бүгүнкү баалуулуктары, өксүктөрүн ар тараптан иликтеп көрүштү.
Ош милициясы аймакта коомдук тартипти бузгусу келген саясий күчтөр жана диний экстремисттик топтор баш көтөрүп жатканын, жарандар алардан оолак болуусу керектигин эскертти.
"Азаттык” радиосу атайын радиобаяндар түрмөгүндө бул ирет төрөт курагындагы элеттик аялдардын саламаттыгына кайрылды. Айылдык аялдардын ден соолугу чукул көңүл бурууну талап кылат.
Айды көрүү аркылуу орозо тутуудагы келишпестиктерден улам дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрү рамазан айын төрт түрдүү айырма менен белгилешет. Бул айырма бир эле жерде жашаган мусулмандар арасында да жаралып, талаш-тартыштарга жем таштап келүүдө.
Орусиялык “Газпром” компаниясы өзүнө таандык Gazprom Schweiz AG ишканасы аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга газ алуу келишимин түздү. Ага ылайык, калаага күнүнө 100 миң куб/метр көгүлтүр от берилип турмай болууда.
Ош шаарында дарыгерлердин кайдыгерлигинен 25 жаштагы келин түбөлүккө эне болуу укугунан ажырады. Шаар тургуну Мехригүл Саитова боюна бүткөнүнө алты ай болгондо ооруп калып, эгиз уулун жоготту.
Ош аба майданынан бир адамдын жана акчанын уурдалышы боюнча милиция иликтөө ишин баштады.
Ошто өзүнүн тайлары тарабынан төрт жыл мурда зордукталган 14 жаштагы кыз боюнча жаңы жагдайлардын бети ачылууда. Адистер бул окуя мигрант балдарына өзгөчө көңүл бурууну күчөтүү керектигин эске салгандай болду дешет.
Дагы жүктөңүз