Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Июнь калабасынан кийинки турмуш


Кыргызстандыктар бүгүн 2010-жылкы кандуу июнь калабасын эскерип, маркумдарга куран окуп жатышат. Беш жыл мурда болгон улут аралык бул жаңжал жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген адамдарды жер которууга аргасыз кылды. Далайлары калабада дарексиз жоголгон жакынын таба албай ушул күнгө чейин беймаза. Беш жыл мурдагы бул окуяны “Азаттыктын” кабарчылары дагы эскеришип, айрым өңүттөрүнө кайрылышты.

Кан күйгөн калабага бейкүнөө кабылган жүздөгөн адамдардын өмүрүн, коопсуздугун сактоого жан үрөгөндөрдүн далайы азыр эл оозунда аңыз кеп болуп айтылып келатат. Алардын жоон тобуна беш жылдыкты эскерүү иш-чараларынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев жолугуп, ыраазычылыгын билдирди. Бул иш-чарага кабарчыбыз Айгерим Жаныкул да катышып келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00
Түз линк

2010-жылкы калабадан улам Ош жана Жалал-Абаддан ондогон жарандар башка мамлекеттерге көчүп кетишкен. Көпчүлүгү Орусияга сапар алган. Айрымдары убактылуу баш калка издесе, кээ бирлери биротоло мекен которгон. Кооганын изи сууп, кеткендердин басымдуу бөлүгү ата журтуна кайтты. Бирок алардын так саны же пайыздык көрсөткүчү эч бир органда эсепке алынган эмес. Стабилдүүлүк орноп, кайра Кыргызстанга келген айрым мекендештерибиз тууралуу Санжар Эралиев баяндап берет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00
Түз линк

2010-жылкы июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары табылган сөөктөрдүн ДНКсы жетиштүү иликтенбегенин айтып чыгышты. Анткени ушул күнгө дейре 17 адамдын дайыны белгисиз болсо, ошол эле тапта жерге берилген 19 сөөктүн туугандары табылган жок. Күч кызматтары болсо “сөөк ДНКларынын жыйынтыгы” ишенимдүү экенин билдирүүдө. Эрнист Нурматов кененирээк айтып берет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00
Түз линк

Жалал-Абад облусундагы өзбек тилдүү 30 мектептин 14ү, аралаш тилдүү 74 мектептин 22си Сузак районунда жайгашкан. Бул мектептерде кыргыз тилинде окуткан класстардын катары жыл өткөн сайын өсүп баратат. Муну жергиликтүүлөр ата-энелердин жана балдардын каалоосу менен байланыштырышат. Укук коргоочулар болсо буга жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тилинин алынып салынышы себеп болгонун, өзбек тилинде билим алгандардын укуктарына шек келип жатканын айтып келатышат. Теманы аймактык кабарчыбыз Руслан Калматов улантат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG