Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Жоболоңдуу кабар Ошту да дүрбөтүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Учурда Ошто үрөй учурган түрдүү ушак-айың тарап жатат. Күч органдары болсо кооптонууга негиз жоктугун айтып, элди чагымга алдырбоого чакырууда.

Ошентсе да шаар тургундары сестенип, студенттердин көбү сессияларын эрте бүтүрүп кете баштады. Адистер бул дүрбөлөң июнь коогасынын беш жылдыгынын алдындагы синдром экенин айтышууда.

Ошто социалдык тармактар жана WhatsApp кызматы аркылуу таркап жаткан эскертүүдөн улам “АКШдан көп курал келиптир”, “Он-Адырга бир машине автомат таркатылыптыр”, “Кадыржан Батыров Кыргызстанга келиптир” деген кептер желдей таркап жатат. Бирок күч кызматтары мунун баарын четке кагып, ушак-айыңдын чыгышын атайын бир топтордон көрүүдө.

- “8-9-10-май күндөрү тополоң чыгат” дешип атайылап дүрбөлөң салышууда. Муну диний экстремисттик топтор же деструктивдик күчтөр таркатышы ыктымал. Бул кептердин баары жалган. Бүгүнкү күндө Ош аймагында абал тынч. Бардыгы күч органдарынын көзөмөлүндө. Кыргыз өзбекти же өзбек кыргызды сабады деген маалымат жок, - деди Ички иштер министрлигинин 10 - башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахим Салимов.

Ош шаары
Ош шаары

Мындан эки күн мурда Ош шаарынан 12 чет элдик жаран кармалып, алар калпак кийип алып өзбек-кыргыз кварталдарын аралап жүргөнүн күч кызматтары айтып чыккан. Бул дагы аймактагы кооптонууга негиз болгондой. Бирок милициянын өкүлү Рахим Салимов муну ушак-айың менен байланыштырбоого чакырды:

- Алар протестанттык агымдын өкүлдөрү болуп чыкты. Баткен облусуна барып, агымдын бир өкүлүнүн үйүнө конок болушуптур. Ал калпак кийгизген экен. Тигилер ошо бойдон Ошко келип, айрым маалелерди аралап жүрүшкөн. Анан бирөөлөр көрүп калып милицияга кабарлаган. Биздин кызматкерлер барып, 12 чет элдик жаранды кармады. Алардын кармалышы жанагы ушак-айың менен тушташ болуп калганы үчүн бир топ дүрбөлөң жаратып койду.

Күч кызматтары айың кептерди таркатып жаткандарды үчүнчү күчтөр деп жалпы аташканы менен алардын ким экени тууралуу так түшүндүрмө беришкен жок. Мындан улам байкоочу Расул Абазбек уулу шамал каяктан согуп жатканын минтип боолгоду:

- Логикага сала турган болсок, бул ушактардын эпкини АКШ элчилигине келген жүк боюнча маалыматтан кийин тараганын көрө алабыз. “152 тонна жүк келиптир, аны менен Кыргызстанда төңкөрүш жасалат экен” дегендей кабарларды жергиликтүү орус тилдүү басылмалар байма-бай басып турушту. Анан аны Орусиянын медиасы илип кетти, андан ары көбүртүп-жабыртты. Бул албетте элди кооптондуруп, Ошто ар кандай сөздөрдүн тарашына негиз болду.

Кантсе да калк арасында таркап жаткан ушак шаардыктардын үшүн бир топ эле алып койгондой. Мындан улам көпчүлүк студенттер үйүнө кете баштаганын шаар тургуну Жаңылай Самат кызы айтты:

- Ар кандай ушактан улам менин курбалдаштарым Ош шаарынан чыгып кете баштады. Жатаканада чогуу жашаган кыздар да, акча берип атып сессияларын эрте бүтүрүп, айылына кетишти. Одноклассники, WhatsApp түйүндөрүнөн ачык эле “тополоң, уруш чыгат” деген СМСтер келип жатканы үчүн баары коркуп жатат.

Жыл сайын беш жыл мурдагы июнь окуясынын жылдыгы жакындаган сайын түрдүү ушак-кептер таркайт. Адистер муну эски жараат айыга электиги менен түшүндүрүп келишет.

Жалал-Абадда тополоң тууралуу СМС элдин тынчын алды

Жалал-Абадда УКМК өкүлдөрү жергиликтүү бийлик менен биргеликте жакында кайрадан тополоң чыгат деп айтылып жаткан кептерге байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал арада мындай маалыматтар интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу да арбын таркай баштады. Алардын бири шаар тургуну Азамат Жээнбековдун кол телефонуна да келген.

- Кечээ күнү эле мага тааныштардан жана достордон WhatsApp аркылуу беш СМС келди. Анда "Урматтуу кыргыз элим, шашылыш эскертүүм бар, 7-8-9-май күндөрү чоң тополоң чыгат, этият болгула. Эл көп чогулган жерлерге барбаңыздар жана сак болуңуздар" деп жазылган экен. Мен окуп алып аябай таң калдым. Ишенген деле жокмун.

Учурда интернет колдонуучулар да бул коркуткан катты кызуу талкуулап жатышат. Азамат учурда буга тийиштүү органдар чара көрөт деген ишенимде.

- Классташтар интернет баракчасында (Одноклассники) да кеңири талкууга түштү. Анда Украинадан Кыргызстанга келген учактагы жүктүн видеосу киргизилип, ушул жагдай тополоң чыгарууга жумшалат деген маалыматтар айтылууда. Күч структуралары бул кооптонуулардын алдын алып, жок дегенде интернеттеги билдирүүлөргө карата кандайдыр бир чара көрсө болмок. Азыр көпчүлүк тургундар мисалы, телефон аркылуу интернет колдонушат.

Мындай чуулгандуу кабарлардан улам УКМКнын өкүлдөрү эл көп чогулган базарларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аргасыз болду. Аталган мекеменин өкүлү Рустам Абдыкалыков эл менен жолугушуу учурунда ушак-айыңга ишенбөөгө чакырды.

- Ош жана Жалал-Абадда 2010-жылы кайталанган июнь окуясы кайрадан орун алат экен деген кеп азыр эл арасында тарап кетти. Атүгүл WhatsApp аркылуу Америкадан келген жүк Кыргызстанда тополоң чыгарууга жумшалат экен деген сөздөр айтылууда. Булардын баары жалган. Кандайдыр бир адамдар өз кызыкчылыгын көздөп, ушак таратып жатат. Кээ бир майда-барат уруш-талаштарды да улут аралык мамилеге байлап козуткандар бар. Буларды коргоо органдары териштирип жатабыз. Биз карапайым калк, тынчтыкты өзүбүз сактап калуубуз керек.

Жалал-Абад шаары
Жалал-Абад шаары

Облустук ички иштер башкармалыгы аймактарда учурда жагдай стабилдүү экенин билдирип, 1-майдан бери даталуу күндөргө байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканын маалымдайт. Башкармалыктын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Шатманалиев күч түзүмдөрү учурда жеңиш парадына даярданып жатканын белгиледи:

- Эл арасында жүрүп жаткан кооптонууларга эч кандай негиз жок. Аймактагы кырдаал азыр стабилдүү. Жыл сайын ушундай айыңдар июнь окуясына жакын күчөйт. Биз тактоо иштерин жүргүзүп, алар ушак экенин аныктадык. Азыр милиция 70 жылдык майрамга карата парадга даярдык көрүп жатат. Элдин майрамдык маанайын бузуу аракети болуп жатышы мүмкүн.

Июнь окуясынын беш жылдыгын утурлай тополоң кайрадан чыгып кетет деген кооптонуу шаардык мэрияга да УКМК тарабынан жолдонгон. Анын негизинде шаар бийлиги да майрам алдында шаардыктарга түшүндүрүү иштерин алып барып жатканын вице-мэр Турдалы Темирбаев айтууда.

- УКМК, ИИМ өкүлдөрү жана биз биргеликте базарларда маалымат туура эместигин элге түшүндүрүп жатабыз. Айрыкча мындай айың кептер "Шабдалы" базарында көп таркаган экен, ал жерге да барып жолугуштук.

Укук коргоо органдары тарабынан азырынча маалыматты ким таратып жаткандыгы аныктала элек. Болгону жашоочуларга чагымга алданбоо жана ишенбөө чакырыктары гана айтылууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG