10-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү швециялык скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өттү. Маданий иш-чара кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.
Баткендеги мындан төрт жыл мурда иштей баштаган алгачкы музейди үч тарых мугалими негиздеген. Алар эл аралап эки миңден ашуун экспонаттарды кантип чогултушканын "Азаттыкка" айтып беришти.
Украинанын Северодонецк шаары үчүн айыгышкан салгылаш уланууда. Калаада суу жок, гуманитардык кризис жайылууда. Киев майданда күнүнө 100-200гө чейин аскерин жоготуп атканын билдирди. Адам укуктарынын эл аралык уюмдары Кыргызстанга берген 1311 сунуштун көбү аткарылбай жатат.
Бишкекте майыптыгы бар кыз-келиндер арасында сулуулук сынагында 21 жаштагы Сыргайым Абдимитал кызы жеңүүчү болду. "Аллахтын сүйүктүүлөрү" деп аталган сулуулук сынагына 18 жаштан 50 жашка чейинки кыз-келиндер катышты.
1-июнда Бишкекте балдардын экинчи эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалы башталды. Ага Орусиянын Алтай, Тыва Республикаларынан, Казакстандан, Монголиядан да өнөрпоздор катышууда.
Акын Мирлан Алтымыш уулу 200 түтүн эл жашаган Токмок шаарынын четиндеги дачада айыл башчы болуп иштейт.
Жазуучу, теги украиналык Олег Бондаренко Кыргызстанга 30 жыл мурда көчүп келген. "Санарип дүйнөдө кыргыз адабияты жоголуп кетпеши керек" деген тилек менен ал Орто Азиядагы ири ачык онлайн-китепкана негиздеп, аны 14 жылдан бери иштетип келе жатат.
Белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Зайырбек Ажыматовдун туулган күнүн утурлай анын жакындары эки китебин жарыкка чыгарып, 27-майда бет ачарын өткөрдү. "Доско кат" аттуу китепке буга чейин жарык көргөн жана жазылып, жарыяланбай калган ырлары, поэмалары, котормолору камтылган.
Бишкектеги эл үзүлбөгөн Ош базарынын жанында дээрлик бир кылымга жакын тарыхы бар китепкана жайгашкан.
Дагы жүктөңүз