Түрк драматургу Тунжер Жүженоглу бул көрүнүштү баяндаган "Аялдар баш калкалоочу жай" спектаклин Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты сахналаштырды.
Белгилүү журналист жана публицист Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептер” аттуу китеби жарык көрдү. Бул эмгек автордун он беш жашынан бери жазып келген күндөлүгүнүн негизинде жазылган. Анда автордун ички сезимдери, балалык чагы, студенттик турмушу,
Орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Француз тил сабактары” дүйнөнүн көп тилдерине которулган классикалык аңгеме. Чыгармада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор турмуш, окуучу менен мугалим ортосундагы өзгөчө мамиле көрсөтүлгөн.
Жыл сайын Европанын булуң-бурчунан келген кыргызстандыктар Германиянын Хайделберг шаарына Кымыз фестивалына чогулушат. Быйыл да алар кымыз жасоону өздөштүрүп алган немис үй-бүлөсүнүн фермасына чогулуп дасторкон үстүндө отуруп бири-бири менен таанышып, баарлашып, комуз күүлөрүн угуп кайтышты.
Кыргыз Эл артисти, "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, кинорежиссер жана сценарист Геннадий Базаров сыябан-маек куруп, кыргыз маданиятынын жеткен бийиктиги, чыгармачыл интеллигенциянын кечээгиси, бүгүнкү деңгээли, рухий дөөлөттөргө бийликтин мамилеси тууралуу ойлору менен бөлүштү.
“Шырдак” фестивалы быйыл Нарында он экинчи жолу өтүп жатат. Анда кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери, илимий жыйындар өтүп жатат. Анткен менен быйыл фестивалга келген коноктордун саны салыштырмалуу аз. Эки күндүк маданий иш-чара 29-июнда жыйынтыкталат.
Кыл кыяк - элдик аспаптардын бири. Ал муң-зарлуу кайрыктарды өзүнө камтып, өткөн доордун музасын чакырып турат. Белгилүү кыл кыякчы Бакыт Чытырбаев - кыл кыякты кийинки муунга кеңири жайылтууга аракет кылып жаткан өнөр адамы.
"Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Билим айтыш” долбоорун баштады. Анда төкмө акындарды медиасабаттуулук жана алардын чыгармачылыгын социалдык тармактарда жайылтуу боюнча окутууда.
Эгемендиктен кийин кыргыз киносуна келген аял кинорежиссерлордун бири Дамира Тилепбергенова документалист, жазуучу, акын катары да белгилүү.
Дагы жүктөңүз