Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.
Улуттук опера жана балет театрынын эмгек жамааты быйылкы жай айында чакан жаңылык жарата алышты. Алар шаар тургундарына жана сырттан келген конокторго өзгөчө концерттик программа тартуулап жатышат.
Бишкектеги “Ынтымак 2” паркындагы амфитеатр шаардыктардын маданий борборуна айланууда. Ал жерде эс алуучулар күнүгө кечинде ырдап-бийлеп, өнөрлөрүн тартуулап жатышат.
Түрк драматургу Тунжер Жүженоглу бул көрүнүштү баяндаган "Аялдар баш калкалоочу жай" спектаклин Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты сахналаштырды.
Белгилүү журналист жана публицист Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептер” аттуу китеби жарык көрдү. Бул эмгек автордун он беш жашынан бери жазып келген күндөлүгүнүн негизинде жазылган. Анда автордун ички сезимдери, балалык чагы, студенттик турмушу,
Орус жазуучусу Валентин Распутиндин “Француз тил сабактары” дүйнөнүн көп тилдерине которулган классикалык аңгеме. Чыгармада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки оор турмуш, окуучу менен мугалим ортосундагы өзгөчө мамиле көрсөтүлгөн.
Жыл сайын Европанын булуң-бурчунан келген кыргызстандыктар Германиянын Хайделберг шаарына Кымыз фестивалына чогулушат. Быйыл да алар кымыз жасоону өздөштүрүп алган немис үй-бүлөсүнүн фермасына чогулуп дасторкон үстүндө отуруп бири-бири менен таанышып, баарлашып, комуз күүлөрүн угуп кайтышты.
Кыргыз Эл артисти, "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, кинорежиссер жана сценарист Геннадий Базаров сыябан-маек куруп, кыргыз маданиятынын жеткен бийиктиги, чыгармачыл интеллигенциянын кечээгиси, бүгүнкү деңгээли, рухий дөөлөттөргө бийликтин мамилеси тууралуу ойлору менен бөлүштү.
“Шырдак” фестивалы быйыл Нарында он экинчи жолу өтүп жатат. Анда кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери, илимий жыйындар өтүп жатат. Анткен менен быйыл фестивалга келген коноктордун саны салыштырмалуу аз. Эки күндүк маданий иш-чара 29-июнда жыйынтыкталат.
Дагы жүктөңүз