Бири-бирин жактырган эки жаш окуусун бүткөн соң жолдошторун чакырып чай берип, баш кошконун айтып, мындан ары бирге түтүн булатарын билдирген. Алардын айылдагы ата-энелери болсо калыңдан улам таарынышып, сүйлөшпөй калышкан.
Кыргызстанда алгачкы жолу 40 бийчиден турган заманбап балет труппасы түзүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады. Чыгармачыл топ Улуттук филармониянын курамында болору маалымдалды. Заманбап балет труппасына бийчилер кантип тандалып, кандай ишмердүүлүк жүргүзөрү тууралуу кеп кылабыз.
14 жыл мурда ушул күнү Таласта башталган элдик толкундоо бир күндөн кийин Бишкекте уланып, ошол кездеги бийликтин кулашына алып келген. Анда президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан элге ок атылып 90го жакын киши набыт болуп, миңден ашууну жараат алган.
Өзбекстандын Бухара аймагында бир нече кылым мурда жер которуп келген перстер жашайт. Жергиликтүү тургундар аларды “ирони” же ирандыктар деп аташат. Перстер үчүн үйлөнүү үлпөтү шаан-шөкөт менен коштолгон чоң майрам.
Баткенде Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын ачылганына 18 жыл болду. Театр жылына он чакты чыгарманы сахналаштырып, көрармандарга тартуулайт. Жакында алар Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде Султан Раевдин "Маң-миң бир түн" спектаклин сахнага даярдашты.
Кыргызстанда алгач ирет кёрлинг боюнча өлкө чемпионаты өттү. Кёрлингдин mixed double түрүнөн өткөн мелдешке төрт команда катышты. Кыргызстанда спорттун бул түрү менен 2016-жылдан тарта машыга башташкан. Өлкөдө кёрлинг менен 40ка жакын спортчу машыгат.
“Ата-Бейит” - постсоветтик чөлкөмдөгү даректүү далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын көрүстөнү. Ага бөлүнгөн жылдык бюджет айлык-акыдан, социалдык төлөмдөрдөн жана кеңсе иштеринен артпайт. Комплекстин жетекчиси Болот Абдрахманов тарыхый жайдын бүгүнкү абала менен тааныштырды.
Кыргызстандык кино жаратуучулар соңку кезде жаңы тартылган тасмалардын көпчүлүгү пираттык жол менен тарап кеткенине тынчсызданууда. Алардын айтымында пираттар тасмаларды жайылтып эле тим болбой, Телеграм каналдары аркылуу сатып жатат.
“Бейиш эненин таманында” тасмасы бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу Казакстанда да кинотеатрлардын биринчи саптарын ээлеп турат. Прокатка чыккан төрт күндөн кийин эле чет элдик тасмаларды артта калтырып, бир миллион доллардан ашык каражат топтоду.
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде кандай сырлар катылган?
Дагы жүктөңүз