Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:37

Экономика

Каржы министрлиги быйылкы жылдын бюджетинин 7 айынын киреше бөлүгү ашыгы менен аткарылганын жарыя кылды. Казынага 11 миллиардга жакын сом түшкөнү маалым болду. Ошентип өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр кыйлага көбөйгөнү айтылууда.

Республикалык бюджеттин 70% ашуунун салыктар менен бажы төлөмдөрүнөн чогулчу каражат түзөт. Быйылкы жылдын 7 айында салык менен төлөмдөрдөн түшчү акчанын агымы кыйла көбөйүп, өткөн жылга салыштырмалуу ал 4,2% көтөрүлгөнү маалымдалууда. Каржы министрлигинин кабарына караганда, казынага акчанын арбын түшүшүнө салыкчылардын активдүү аракети, биринчи кезекте ири үстөм ишканалардан түшкөн салыктардын арбындыгы өбөлгө түзгөн.

Казынага арбын акча түшүргөн ири ишканалардын катарында «Кумтөр» алтын кени, Канттагы цемент-шифер комбинаты, «Кыргызтелеком», «Бител», «Манас Эл аралык аба майданы», «Бишкек жылуулук тармагы» аталган.

Мындай жагдайды шарттаган себептер деле биртоп. Анын бири катары айрым адистер ири ишканалардын акционерлеринин жыл жыйынтыгын чыгаруусуна байланыштуу түшүндүрүшөт. Ошондон биринчи жарым жылдыкта кыйла көтөрүлө түшкөн көрсөткүчтөрдүн экинчи жарым жылдыкта кыйла басаңдай түшүшү такай кайталанчу көрүнүштөрдөн.

Каржы министрлиги бюджеттин кирешесин арбыткан көрсөткүч ириде ички гранттардын эсебинен жетишилгенин маалым кылды. Себеп дегенде, Кыргызстанда кирешелүү ири ишканалар өтөле аз. Анын үстүнө ири ишканалардын көбү ушу тапта экс-президенттин үй-бүлөсүнө тиешелүү делинген дүйнө-мүлктүн катарына кошулуп, мыйзам сактоо органдарынын тыкыр көзөмөлүндө.

Анткен менен кийинки кездери Кыргызстанда ички дүң продуктунун өнүгүш ырааты кыйла жайлап калганын өкмөттүн өзү да моюнга алып келатат. Эл аралык валюта корунун миссиясы менен жолугуу маалында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов муну убактылуу көрүнүш катары баалады. Эл аралык валюта корунун миссия жетекчиси Т.Саавалайнен да өнүгүү ыраатынын жайлап калышын утурумдук көрүнүш деп эсептей турганын билдирди. Иши кылып, 7 ай ичинде чогултулган 11 миллиардга бираз жете бербеген акча калган 5 ай ичинде болжолдонгон көрсөткүчкө - 18 миллиард ашуун сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок да, кирешеге жаңы өкмөттүн кошумча 5 миллиард сом казынага төгүүнү убада кылган жайы бар.

- Айрым досторум мени куру убадачы дешип, айткандарыма ишенишпейт. Айрым маектеримде мен жыл аягына чейин бюджет планына кошумча 5 миллиард сом жыйнай алабыз дегем. Кудай буюрса, биз аны жыйнайбыз,- дейт вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов.

“Ысыккөл” инвестициялык банкынын президенти Болот Байкожоев антип экономиканы кескин алдыга көтөрүү үчүн тийиштүү шарт түзүлүшү керек деген пикирде:

- А экономикага бүгүнкү күндө бизде кандай шарт түзүлгөн? Ал үчүн бизнесчилер, ишкерлер бүгүнкү бийликке ишениши керек. Бүгүнкү күндө ушул бийликке ишенчилик барбы же жокпу?

Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров ички дүң продукту жылына 7 пайыздан кем эмес деңгээлге жеткенде гана Кыргызстан экономикасы мыкты өнүгөт деп эсептейт:

- Эл болсо күтүп атат. Алдыдагы 4 жылда, биринчи президенттик мөөнөттө эле экономикада катуу жылыштар болуш керек деп күтүп атышат. Биз эсептеп көрдүк. Ал үчүн биздин ички дүң продуктубуз орточо эсеп менен жылына кеминде 7,5% менен өсүп турушу керек экен.

Быйылкы жылы бюджетке кошумча 5 миллиард сом чогултуу, кийинки жыл бюджетин эки эсе көтөрүү, улуттук дүң продукттун өнүгүш ыраатын 7,5% чыгаруу - жаңы өкмөттүн ыңкылаптан кийинки сөздөрүндө арбын айтылды. Анын канчасы чынга чыгат, канчасы убада бойдон калат - аны алдыдагы убакыт көрсөтөт.

Кыргыз өкмөтү жакындан бери энергетика тармагын концессияга, башкарууну жеке колго утурумдукка берүү идеясын көтөрүүгө өттү. Антип сырттан келчү инвестицияга өзгөчө үмүт артыштын себеби деле жөнөкөй. Чала-чарпыт реформанын айынан өлкө экономикасына чоң өсүш алып келчү энергетика тармагы кризистин сормо сазынан чыга албай келатат.

Тагдырдын тамашасы, мындан бир жыл илгери энергетика тармагын менчиктештирүү тууралуу өкмөттүн программасын элге каршы жасалган аракет катары баалап, парламент жыйынын таштап чыгып кетишкен а кездеги оппозиция бүгүн аткаруу бийлигинин эки-тизгин, бир чылбырына ээ. Жылына 12,5 миллиард киловат саат электр энергиясын өндүргөн өлкө анын 4 миллиардын жыл сайын техникалык, коммерциялык жоготуулардын эсебине чыгарып, карызга белчесинен баткан тармакты алдыга жылдыруунун бирден-бир жолу катары буга чейин электр энергия акысын жогорулатуу менен алектенип келди.

Эл аралык каржы уюмдарынын өктөм талабы, өкмөттүк программанын негизинде «Кыргызэнерго» үчкө бөлүнүп, «Электр станциялары» менен «Электр тармактары» мамлекет ээлигинде калып, бөлүштүрүүчү компаниялар акционердик коомдорго айландырылган. Бирок да өкмөттүн бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү демилгеси мурдагы парламенттен колдоо таппай, эки бийлик ортосундагы талаш аягында саясий өң-түс алып, талаштуу маселени чечүү милдетин кийинки парламентке таштап кетишкен.

Быйылкы жарым жылда «Түндүк электр» акционердик коомунун коммерциялык, техникалык жоготуулары 44 пайызга жетти. Коомдун коммерциялык директору Таалайбек Ибраевдин айтуусунда, мунун негизги себептеринин бири - жабдуулардын эскиргендигине, ошондой эле мыйзамдык негиздин борпоңдугуна байланыштуу.

- Электр эсептегичтердин 90 пайызын алмаштыруу керек. Мыйзам боюнча электр энергиясын тейлөө катары баалап жатышат. Мыйзамда аны товар катары көрсөтсө, жоготууларды эки эсе азайтса болот.

Өкмөт ушу тапта кризиске кабылган тармакты бутуна тургузуу үчүн сырттан инвестиция тартуу, бөлүштүрүү компанияларын жеке колго утурумдук башкарууга берүү демилгесин көтөрүүдө. Парламент депутаты Таирбек Сарпашевдин ырасташынча, бул маселе Жогорку Кеңеште мындан үч жыл илгери талкууланып, өткөн жылы кызыл чеке талашка түшкөн.

- Өткөн парламентте комитет төрагасы катары мен концессияны, базар-нарк мамилелерине өтүүнүн жолу катары такай маселе козгоп келгем. Мени жаман көргөндөр да көп болушту. «Сен дайым эле Акүйдүн маселесин козгойсуң. Талаш-тартыш маселелер болгондо сен ошолордун тарабында болосуң» дешкен. Мына эми жыл айланган жок. Былтыр эле ушул маалда биздин кесиптештер: «Концессия маселеси болбойт. Концессия бул Атамекенди сатканга барабар» дешкен менин кесиптештерим бүгүн жаңы бийликке келип отурушту дагы, отуруп-отуралекте, өкмөттүн курамы бекий электе эле концессиянын ырын ырдап киришти.

Үч тарамдан куралган системанын бошоң жери бөлүштүрүү компаниялары болууда. Аны жеке колго берүү жалпы эле тармакты каптаган кризистен чыгууга өбөлгө түзмөкчү. Таирбек Сарпашев бөлүштүрүү компанияларынын жеке колго өтүшү менен коммерциялык, техникалык жоготуулар кескин азайып, мурда биздики болуп келген тармак мендикке айланган соң ушу тапта Кыргызстан үчүн чоң проблемага айланып аткан маселелердин текши баары өзүнөн-өзү чечилмекчи деген пикирде.

- Кимге берерди да айтып атат. Орусия тарапка. Бирок айрым жерлерде бүтүндөй энергетиканы деп атышат. ГЭСтерди да, электр тармактарын, жогорку чыңалуудагы линияларды, анан бөлүштүрүү компанияларын берүү керекпи деп атышат. Бул абдан чоң опурталдуу маселе.

Өкмөт курулушу токтоп калган «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» суу электр станцияларына Орусиядан инвестиция алып келүүгө куштар. Өкмөт башчынын милдетин аткарып турган чагында К. Бакиев «Орус алюминийи» компаниясынын президенти Олег Дерипаска менен жолугушуп келгенден кийин маалымдоо каражаттарында эки ГЭСтин курулушун аягына чыгарууга аталган компания кызыкдар болуп жатканы, анын эсесине Кыргызстанда алюминий заводун кура тургандыгы кабарлана баштаган.

Жакындан бери өкмөт энергетика тармагын концессияга орусиялык кайсы бир компанияга берүүгө кызыкдар экендиги айтыла баштады. Ал табышмактуу компания энергетиканын бөлүштүрүү тармагына инвестиция жумшайбы же үчкө ажырап кеткен «Кыргызэнергону» баштагы калыбына келтирип, ага толугу менен ээ чыгабы – бул маселе азырынча белгисиз. Кандайынан келгенде да энергетика реформасы өкмөт менен парламенттин ортосундагы чоң саясий талашка түшүп калышы деле мүмкүн. Кыргызстан үчүн энергетика экономикалык эмес, чоң саясий маселеге айланып кеткен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG