Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:23

Экономика

1-сентябрда Феликс Кулов депутаттар алдында жаңы өкмөттүн экономикалык программасын жарыя кылды. Буга чейин ал өкмөттүн жакынкы аралыкта аткара турган иштери тууралуу 17-июндагы экономикалык жыйында айтып берген. Белгилүү саясий окуяларга байланыштуу ал күнкү экономикалык жыйын, Ф. Куловдун программасы көпчүлүктүн баамынын сыртында калган болчу.

Ф. Кулов жаңы өкмөт негизинен эки орчун проблеманы чечүү аракетин көрө тургандыгын маалымдады. Кедейликти жоюу, коррупцияны ооздуктоо жаңы бийликтин алдыдагы беш жыл ичинде аткарчу негизги милдети. А. Акаев өкмөтү буга чейин мактап-жактап келген 2010-жылга чейинки кедейликти азайтуунун улуттук стратегиясын Ф. Кулов «кучакка сыйгыс» опсуз чоң программа катары мүнөздөп, мындан ары конкрет социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүнүн жолун издей тургандыгын билдирди:

- Кедейликти кыскартуунун 2010-жылга эсептелген программасын жар салып, эки кулач программаны - өнүгүүнүн комплекстүү негизи жана кедейликти кыскартуунун улуттук стратегиясы аркылуу чечүүгө ниет кылышкан. Эларалык уюмдардын пикири боюнча бул программалар «кучак жеткис» проблемаларды камтыган. Натыйжада колдо болгон ресурстарды конкрет социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө топтой алышкан жок.

Жаңы өкмөттүн азырынча ишенич арткан үмүтү - опсуз чоң мамлекеттик башкаруу аппаратын кыскартуу, анын эсебинен мамлекеттик чыгымдарды азайтуу. Кыргызстандын бюджетине оорчулугун салып отурган чиновниктер санын кыскартуу, облустарды жоюу, кайра түзүү машакатын Кыргызстан бир нече ирет башынан өткөргөн. Мындан сырткары жаңы өкмөт салык жана бажы кызматтарындагы тамырлап кеткен коррупцияны жоюп, бюджетке акча түшүрүүнү азыркысынан эки эсе көбөйтүү милдетин алдына коюуда.

Ф. Куловдун өкмөтү киреше салыгы менен киреше-нарк салыгын 10% азайтуу, социалдык фондго которулчу салыктын өлчөмүн төмөндөтүү, жергиликтүү салыктардын санын кыскартуу, өндүрүштүн өсүшүнө көмөк көрсөтүү жаатында биртоп салык жеңилдиктерин берүүгө кайыл. Жаңы өкмөттүн салыктарды азайтуу демилгеси Эларалык валюта корунун миссиясынын макулдугунан кийин гана ачыкка чыгып отурат.

Жаңы өкмөт башчысы «кучак сыйгыс» проблема катары мүнөздөп аткан 2010-жылга чейин кедейликти кыскартуунун улуттук стратегиясынын негизинде Кыргызстан түзүп чыккан үч жылдык программаны Эларалык валюта кору каржылап, анын аткарылышы тышкы карыздардын кечилишине байланып келатат.

ЭВК миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен кыргыз өкмөтү программага астейдил киришкени менен аны так аткара албайт деген пикирде:

- Өлкөнүн экономикалык саясаты тууралуу айтканда, кийинки эки жылда программаны так аткарбагандыкты байкап келатабыз. Жаңы өкмөт андай алешемдиктерге жол бербеши керек. Бул айтылган убада, чыгарылган жарлык жалаң кагаз бетинде калбай, ишке ашышы керектигин билдирет.

Экономикалык программанын жерпайын түзгөн негиздердин дагы бири – коррупциянын ооздугун тартуу. Жаңы өкмөт экс-президент менен үй-бүлөсүнүн өлкө экономикасына алып келген зыянын так аныктай элек. Аны иликтеп, өткөндөн сабак алмайын жаңыга киришүү өтөле опурталдуу жумуш.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун ырасташынча:

- Жаңы бийликке, келечекте бизден кийин дагы кандай бийликтер келет, ошого сабак болуш керек, элибизге сабак болушу керек. Биз ушинтип унчукпай, «өппай!» деп ал келатканда таманыбыз үзүлгөнчө чуркап, шилекейибизди чачыратып, «айланып кетейин, сенден жакшы жок», деп айтып келген жолубуз эмнеге алып келди, ушул баарыбызга сабак болушу керек.

Быйыл «Кумтөрдөн» алтын кенин казып алуу ырааты кыйла басаңдап, анын натыйжасында экономикалык өнүгүш өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болушу болжолдонууда. Алдыдагы эки жыл облустарды жоюу, башкаруу аппаратын кыскартуу сындуу уюштуруу иштерине арналмакчы. Ага чейин экономикалык программа дагы такталары турган иш. Түзүлө элек өкмөттүн экономикалык программасы ошондон Ф. Кулов сынга алган комплекстүү өнүгүүнүн улуттук стратегиясына окшошуп атышынын себеп-жөнү бар. Өкмөт жаңы болгон менен анда отургандардын көбү эски жетекчилер.

Президент К. Бакиев кызматка киришкендин эртеси эле энергетика тармагын каптаган кризистен чыгуунун жолу катары аны чет элдик компанияларга концессияга берүү зарылдыгын айтып чыкты. Тармакты жеке колго берүүгө башында каршы болуп келген президенттин минтип позициясынын кескин өзгөрүшү энергетиканын кризис сазынан чыга албашынан чыгууда.

Энергетика тармагы үчкө бөлүнгөндөн кийин бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү идеясы өткөн жылы парламенттен колдоо таппай, кыйлага өкмөт менен а кездеги оппозициянын ортосунда кызуу талаш жүргөн. Бийликке ичимтап депутаттардын каршылыгынан өкмөт аягында «Түндүкэлектр» компаниясын концессияга берүү демилгесин сунуштаган. Бирок ал да суу кечпей, буга кошумча мурдагы парламенттин мөөнөтү аяктап, шайлоо шарданы кирип келбедиби. Парламент шайлоонун жыйынтыгы кандай чыгып, бийлик кантип алмашылганын бул жерде кайталап отурбайлы.

Өткөн жылкы оппозициядагы депутаттардын көбү бу кезде бийликтин эки тизгин – бир чылбырына ээ. Тармактын кендирин кескен коммерциялык техникалык жоготуулардын азайгандын ордуна арбып, көбөйүп атканын көрүп, президент К. Бакиев энергетиканы концессияга берүү чечимине келгенин 15-августта акимдерди чогултуп өткөргөн жыйынында айтты:

- Мен чечим кабыл алдым, парламент аны колдойт деп ойлойм, энергетика секторун концессияга берүү керек. Аны тартип орното ала турганга беребиз.

Азырынча жаңы өкмөттүн тармакты чет элдик компаниянын колуна кандай шарт, талап менен бере турганын так аныктаган программасы жок. Парламент депутаты Дооронбек Садырбаев жаңы бийликтин башында отурган мурдагы кесиптештеринин мындай кадамын улуттук кызыкчылыкка төп келбеген иш катары баалады. Тармактын кендирин кескен маселе андагы уурулукка байланыштуу экенин белгилеп, аны токтотуу керектигин сунуш кылды.

Өткөн жылы Кыргызстан 15 миллиардга бираз жете бербеген киловат саат электр энергиясын өндүргөн. Орточо эсеп менен 1 киловат саат электрэнергиясынан 82 тыйынды кой, 50 тыйындан эле акы жыйнаганда Кыргызстандын бюджети оңор эмес акчанын төөбастысында калмак.

Энергетика коопсуздугу боюнча президенттин атайын өкүлүнүн орунбасары Батыркул Баетовдун маалымдашынча, ушу тапта бөлүштүрүү компаниялары «Улуттук электр тармагы» жана «Электр станцияларына» 5 миллиард сом карыз. Ал эми электр энергиясын пайдалануучулар болсо бөлүштүрүү компанияларына 2,5 миллиард сом карыз.

Батыркул Баетовдун ырасташынча, бөлүштүрүү компанияларын концессияга берүү тармактын толгон-токой маселелерин алеки саатта чечип ийбейт.

- Жеке инвестор келип баарын колуна алгандан кийин эле оңолуп кетет дегенге мен кошула албайм. Анткен себебим, Жамбул жаныбызда болгондон кийин биз барып көрдүк, бир нече ирет семинарларды да чогуу өткөрдүк. Башында инвесторлор тез-тез алмашылыптыр. Келип эле каймагын калпып алып качып жоголот. Бул жерде акча көп түшөт да. Андан Жамбулдуктар өттү. Бүгүнкү күндө алардан сурасак бир жагы жакшы болот экен, деп айтышат. Тартип болот экен, бир жагы эл да көнөт. Текшерүүчүлөргө уурдаганга мүмкүнчүлүк берилбейт. Концессиялык келишимде биз канча акчаны кайсы мөөнөткө чейин саларын көрсөтүү керек деп эсептейбиз. Ошону график кылып киргизип, биздин уюм ага көзөмөл кылып туруш керек. Андан тайса эле бул оюнду токтотуш керек. Жогорку Кеңештин бул курч маселеге киришип атканы жакшы. Анткени ооруну жашырса - өлүм ашкере кылат. Муну сизиң-бизиңсиз эле ачык, даана айтып чечиш керек. Өтө муктаж жерди концессияга беребизби? Берсек капиталдык салым киргизип тармакты оңдошубуз керек. Бербей койдукпу – анда эл өзү оңдойт.

Парламент депутаты Таирбек Сарпашев мыйзамды катуулатуу, административдик опуза-кысымдын аркасы тармакты кризистен чыгарыш мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Күчөтүү жолу менен кызматтан алып көрдүк, министрди кызматтан алмаштырып көрдүк. Атайын өкүл институтун киргизип көрдүк. Коопсуздук кеңешинде канча ирет карадык. Кызматтан канчалар алынды. Анан эле тынчып калчу, эски оорусуна кирип кетишчү. Мыйзамды күчөтүү жолу менен, коркутуп-үркүтүү жолу менен энергетиканы оңдой албайбыз.

Өкмөт бөлүштүрүү компанияларын жеке колго береби же курулушунун 30 пайызы бүтүп калган «Камбарата – 2» ГЭСин чет элдиктерге кармата береби – азырынча белгисиз. Демилге парламенттен колдоо тапкандан кийин гана чынга чыкмакчы. Жаңы өкмөттүн өтүнүч-сунуштарынын бир да бирөөн четке кага элек парламент концессия тууралуу мыйзамды деле колдоп бериши толук ыктымал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG