Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Экономика

Канттагы цемент-шифер заводунун 13 пайыздык мамлекеттик пакет акциясы мыйзамсыз сатылгандыгына байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан биринчи козголгон кылмыш иши аягына чыгып, сотко берилди. Ал эми Адил Тойгонбаевге тиешелүү “Симентс Ди Лакс С.А” компаниясынын 67,64 пайыз мамлекеттик пакет акциясын мамлекетке кайтаруу багытында прокуратура кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Аталган ишкана жетекчилеринин айтымында, цемент-шифердин баасы администрация тарабынан кымбаттатылган эмес. Эки ортодо далдалчылар бааны 2-3 эсеге көтөрүп, жасалма жол менен кымбаттатууда.

Канттагы цемент-шифер заводунун 13 пайыз мамлекеттик пакет акциясы ишкананын мурдакы жетекчиси Жалишев башында турган акционердик коому тарабынан мыйзам бузуулар менен сатып алынганы иликтөө иштеринде аныкталганын Чүй облустунун прокурору Темирбек Жунушалиев билдирди:

- 13 пайыз пакет акцияга байланыштуу Чүй облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, мамлекеттик мүлк корунун жооптуу кызматкерлеринин жоопкерсиздиги аныкталды. Ал кызматкерлер келишимдин шартын көзөмөлдөп турушу керек болуучу. Мен бир эле нерсеге токтолоюн, акционер Жалишев баштаган 3-4 адам 13 пайыз мамлекеттик акцияны 29 млн. сомго сатып алууга макулдашкан. Бирок мамлекеттик мүлк корунун мурдакы жетекчилеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен 3 млн. сомго сатылган. Ал эми Жалишев бир жыл өткөндөн кийин 30 млн.сом пайда көргөн. Учурда бул иш текшерилип, сотко өткөрүлдү. Соттун жыйынтыгы жакын арада билинет.

Ал эми Кант цемент-шифер заводунун 67,64 пайыз мамлекеттик пакет акциясы экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев ээлик кылган «Симентс Ди Лакс С.А.» компаниясына 2001-жылы мамлекеттик мүлк кору тарабынан мыйзамсыз сатылганы тууралуу Башкы прокуратура тарабынан иликтөөдө аныкталгандыгын Азимбек Бекназаров билдирди. Анын пикиринде, пайда берүүчү өндүрүш ишканалары мамлекеттин көзөмөлүндө болууга тийиш:

- Өлкөдөгү бюджетке киреше берүүчү ишканаларды колго алышыбыз керек. Жумушчу орундарды түзүшүбүз керек. Мына 2001-жылы Канттагы цемент-шифер ишканасы менчиктештирилгенден бери, эч кандай кошумча курулуш курулбай, кошумча иш орду менен камсыз болгон жок. Булар болгону ишканага түшкөн акчаны эле алып турган. Себеби бул ишкананы жетектегендер башка өлкөнүн атуулдары. Ишкана керектен чыга баштаганда, акырын качып кетишет.

Башкы прокурордун айтымында, «Симентс Ди Лакс С.А» компаниясы ишкананы модернизациялоого жана анын социалдык инфраструктурасын өркүндөтүүгө эч бир инвестиция тартпаса дагы 17 млн. 600 миң сомдон ашуун каражатты өз пайдасына чегерип, 2002-жылдын декабрь айында пакет акциясын Казакстандын «Азия-Цемент» фирмасына сатып жиберген. Учурда аталган ишкана Казакстандын атуулдарына таандык.

- Арга жок. Азыр ишкана кожоюндары казактар. Алар каалаган кишисин жетекчи кылып коюп алышат. Эгерде соттор туура чечим чыгарып, 13 пайызын биз утуп алсак, анан 16 пайыз жумушчулардын пакет акциялары кошулса, жана 64 пайыз пакет акциянын жарымын кайтарып алсак ишкананы өкмөт көзөмөлдөгөнгө шарт түзүлөт.

Ишкананын азыркы жетекчилигине деректирлер кеңешинин чечими менен Казакстандын атуулу Адал Исабековдун дайындалганына бир жума болуптур. Ал буга чейин Карагандыдагы жана Орусиянын Ново-Троицкийдеги цемент заводун жетектеп келген экен. Учурда цемент-шиферге баанын көтөрүлүшү тууралуу Исабеков буларга токтолду:

- Ишкана цемент-шиферге бааны көтөрбөйт. Биз коммерциялык уюм эмеспиз. Биз товар өндүрөбүз. Учурда ар бир аймакта, чоң шаарларда цемент-шиферди өз баасында сатуу оңой-олтоң иш эмес. Бул ишти жөнгө салуу боюнча коммерциялык деректирге тапшырма бердим. Жакын арада бул маселе көзөмөлгө алынат.

Жаңы жетекчинин айтымында, ишкананы модернизациялоого инвесторлорду тартуу багытында иш аракеттер көрүлүүдө.

Ал эми комбинаттын карапайым жумушчулары иш менен камсыз болуп, маянаны учурунда алып турсак эле болду деген көз карашта. Алардын айлык акысы 3000-10 000 сомдун тегерегинде. Бул тууралуу Владимир аттуу жумушчу мындай дейт:

- Ишканага ким кожоюн болот, бизге анын анчейин кажети жок. Негизинен натыйжалуу башкаруу болуп, иш жүрүп, убагында акчабызды берип турса болду.

АК ПАХТА ҮМҮТ АКТАЙБЫ?

Жалалабат облусунун дыйкандары пахта өстүрүүдө быйыл да кыйла кыйынчылыктарга туш болушту. Пахтачылар үчүн өкмөттөн эч кандай жардам болгон жок. Баасы да арзан болгондуктан пахтачылардын быйылкы мээнети да акталбай тургандай.

Облустун дыйкандары негизги кирешени пахтадан күтүшөт. Бирок Базаркоргон, Сузак жана Ноокен райондорунун пахта талааларына июнь айында болгон суу ташкыны олуттуу зыян келтирди. Миңдеген дыйкандар сел жууп кеткен пахталардын ордуна башка эгиндерди эгүүгө аргасыз болушту. Жер айдоодон тартып, пахтаны жетилткенге чейинки чыгым пахтачылардын мойнуна жүктөлдү. Каражатсыз дыйкандар үрөнүн тапса, трактор таппай, же ага күйүүчү май сатып алалбай, кыйла чыгымга батышты.

Пахтан өстүрүү түйшүгү оор болгонун айыл тургуну Жаныш Смадияров мындайча белгилейт:

- Элдин каражаты жетпейт, өздөрү каалаган жерден уруктарды табат. Ошого байланыштуу пахта ар кандай ооруларга туш болот. Жер семирткичтерин өздөрү сатып келет. Пахтанын килограммына кеткен чыгым 10 сомдон болот. Пахтага кеткен чыгымындар актабайт.

Ноокен районундагы «Жер эне» дыйкан чарбасынын төрагасы Абдыкаар Жамаловдун айтымында, бир гектар пахта аянтын иштетүүгө 15-20 миң сом жумшалган. Айрым дыйкандар болочок түшүмдүн эсебинен карыз алып өстүргөн пахта жумшалган чыгымды актайбы же жокпу, бул жагы табышмак. Абдыкаар Жамалов айыл чарбасын мамлекет камкордукка алса деген ойдо:

- Айыл чарбасына мамлекет тарабынан инвестиция келген жок, дыйкандарга эч кандай жардам болгон жок. Пахтанын ар бир гектарына 15-20 миң сомдон чыгым жумшашты, ошондуктан эккенге каражаты калбай калууда. Ошонун натыйжасында дыйкандар кыйналып атат. Өсүмдүктөрдү эгиш үчүн мамлекет тарабынан дотация бериш керек эле. Чет мамлекеттерде айыл чарбаларына дотация берет, ошонун негизинде дыйкандар пахтаны, башка эгиндерди өндүрүп, мамлекет белгилеген баада сатып беришет.

Пахта адиси Ибрагим Кадыровдун пикирине караганда, өкмөт пахтаны сатып алып, даяр өнүмгө жеткирип, аны сатууга чыгарса, жумушчулук азайып, казынага акча түшөт:

- Текстил комбинатка, же пахта заводдорго дотация берип, инвестицияларды алып келсе бул дыйкандар үчүн да, пахта завод үчүн да, текстил комбинат үчүн да жакшы болмок. Биринчиден жумушчу орундары болмок, экинчиден заводдор, текстилчилер баары иштеп калмак.

Облустук бийликти да дыйкандардын мээнети ойлондурууда:

- Буюрса дыйкандардын жайы бою төккөн пешене тери акталат деп турабыз. Себеби алдын ала маалыматтар боюнча пахтанын баасы жакшы болот деген сөздөр болуп атат. Негизинен пахтакерлерге жакшы шарттар түзүлүүдө, - деди ал жөнүндө облбийликтин айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Мурат Өскөнбаев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG