Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:15

Экономика

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда бензиндин баасы жаңы жылга дейре тоңдурулганы 19 сентябрде маалым болду. Орусиялык агенттиктер таркаткан маалыматтарда, андай чечимди өлкөнүн ири кара май компанияларынын жетекчилери дүйшөмбү күнү энергетика министри Виктор Христенко менен жолугушкандан соң кабыл алышкан.

Мурунку күнү орусиялык жер майын саачу: “Лукойл”, “ТНК-ВР”, “Роснефть”, “Сибнефть”, “Сургутнефтегаз”, “Татнефть” компаниялары үстүдө жылдын акырына дейре машинеге куюлчу, отунга делчү май баасын ушул бойдон калтыралы деген бүтүмгө келишкен. Андай келишимди алар өлкөнүн өнөр жай жана энергетика боюнча министри Виктор Христенконун көзүнчө кабыл алышкан. Бул туурасында ИНТЕРФАКС агенттиги билдирет.

Орусия жеринен кара май чыкчу ири өлкө экенине карабай бензиндин кымбаттап кетишине дуушар болду. Экономикалык анализчилер эсебинде, сентябр айынын биринчи эле жарымында бензин 7ден 12 пайызга кымбат сатыла баштаган. Ыраакы Чыгыш, Сибир, Санкт-Петербург, Маскөөдө баа аябагандай көкөлөгөн. Маселен, ордо калаада анын баасы 17 рублге чыккан. Ал эми Владивостокто бир литр май үчүн шоопурлар 19 рублей төлөшүүдө. Айыл чарбасында абал андан оорлогон. Эгин оруп, чөп жыюучулар бир кадак буудайга бир кадак салярка сатып алып атышканы маалым болууда. Ошого карабай мурунку аптада экономика жана соода министри Герман Греф өлкөдө абал дурус деп айтты:

- Биздин базардык баа өсүшү батыш өлкөлөрү, Кошмо Штаттары жана КМШ өлкөлөрүнө салыштырганда алда канча төмөн.

Анализчилер баамында, Орусия жер майын саачу ири мамлекет болуп туруп, атуулдары бензинди арзан ала албашынын башкы себеби - өлкөдө жер астынын чыккан майды тазалоочу зооттордун жокко тете экендиги болууда. Пермь зооту кошулмасы аз майды тазалайт экен. Кошулмасы көп майды тазалоочу зоот Башкортстан менен Татарстанда гана бар экен. Орусиядагы зооттор мүмкүнчүлүгү жерден саалган кара майдан 60 гана пайыз таза май ала алат экен. Калган 40 пайызы мазут боюнча калат экен. Чет өлкөлөрдөгү зооттор болсо кара майдын 90 пайызын бензинге айландыра алышат экен. Ошондуктан мазутту да тазалай алгыдай зоотторду куру керек экендигин айтыша баштаган. Башкортостан жумуриятынын президенти Муртазы Рахимовдун ою боюнча жерден сааган майды мамлекеттин ичинде тазалап таза майды дүйнөлүк баада сатууга эми кез келген:

- Бүгүн кара майды тазалоочу сооттор, мен Орусиядагы зоотторду айтып атам, жогорку деңгээлде тазартууга алы келбейт. Биздин Башкортостанда андай зооттор бар, алар кандай май болбосун тазарта алышат.

Жагдайды оңдош үчүн өлкөдө баарындан мурда жерден мунай саагандарга салыкты дүйнөлүк баага карап бычууну токтотуу керек. Орусияда буга дейре иштеп келаткан зоотторду жакшыртуу зарыл дейт, “Вести” сыналгысы аркалуу айткан пикиринде “Лукойл” компаниясынын президенти Вагит Алекперов:

- Бүгүн эле таза банк сапатына өтө коюунун кажети жок. Ага акырындап баруу керек. Биз кезегинде Татарстандык, Башкортостандык кара май тазалоочулар өлкөнүн өнөр жайына аябагандай салым кошконун түшүнүшүбүш керек. Аларга азыр жөлөк пул төлөө жагдайы кандай болот ошону аныкташ керек.

Бир жери жер майы кымбаттаганга байланыштуу тиричиликтеги сатыкка түшчү бардык товарлар, айталы, нандан тартып тамга дейре кымбаттайт экен. Ошондуктан бийлик жер майын саачу компанияларга кысым көргөзүп, бааны азыркы калыбында тоңдуруп коюшту, а эл арасында баа кымбаттаган боюнча калды дешүүдө.

Жапан өлкөсү Кыргызстанга 415 миллион ашуун долларлык жардам көрсөттү. Анын кыйласы Кыргызстандын социалдык инфраструктурасын колдоого, маданият, саламаттык сактоо, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалды. Жапан өлкөсүнүн Кыргызстандагы иштерине жооптуу өкүл, элчи Тацухико Касай мырза менен кабарчыбыз экономикалык өнүгүүнүн жолдору тууралуу маек курду.

- Элчи мырза, Кыргызстанга келип иш баштаганыңызга үч айдан ашуун убакыт өттү. Эки өлкөнүн экономикалык карым-катышы тууралуу айта кетсеңиз.

- Биз Кыргызстан теңата өлкө болушун каалайбыз. Кыргызстандыктар бардар жашаган эл болушун, биздин кыйбас өнөгүбүз болушун каалайбыз. Менин бул жерге келгениме үч ай толду. Мага кыргыздар менен жапандардын түбү бир эл деген сөздү көп айтышты. Балыкты жакшы көргөнү мухиттин ары жагына кетип жапан болуп, этти сүйгөнү бул жерге келип кыргыз болуп калышкан дешти.

Түпкү тамырыбызды эстеп, 2-дүйнөлүк уруштан талкаланган Жапания кантип өнүгүүнүн кыйын жолуна түшкөнүн ойлоп, биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн көтөрүп аткан кыргызстандыктарга жардам берүүнү чечтик. Дагы айтышат, Кыргызстан ээлеген аймак Жапаниянын аймагынын жарымына тете, бирок да бул жерде жапандардын 5 пайызына жетерлик гана калк жашайт. Жан башына бөлө келгенде бул жерде шарт жакшы, мындай жерде жакшы жашоо керек. Кыргызстандын экономикалык абалы азыр кыйын кезеңде турат. Мен өзүм кесибим боюнча экономистмин. Экономика бул жерде жана айтканымдай, токтолуп-жайлап өнүгүүдө.
Кыргыз менен жапандын түбү бир экенин мен бул жерден уктум. Анан да кыргыз-жапан тилдеринде окшош сөздөр көп деп айтышат. Алардын болжолдуу саны 2000ге жакын дешти. Дагы бир жалпылык - эки элдин психологиясына байланыштуу. Кыргыздар да жапандар сындуу, жупуну келишет экен. Сөз курулушу да окшош экен. Тил үйрөнгүсү келгендер ошондон тез эле көнүп кетишет.

- Тацухико Касай мырза, Кыргызстандын экономикасы токтолуп-жайлап (ойку-кайкы) өнүгүп жатат, деген ойду айттыңыз…

- А, мен бул жерде экономикалык реформалар ойку-кайкы жүргөнүн айткам.

- Негизи идеалында экономикалык өнүгүш кандай жүрүшү керек, кантсе да бул өзү кыйынчылыктар менен коштолчу процесс го…

- Идеалында деп атпайсызбы. Ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчөлүү жолу бар. Мисалы, мынабу Орусияда экономикалык реформаларды «апыл-тапыл (шок) терапиядан» башташты. Инфляция асманга чыгып, баанын куну качып, анан баары аз-аздан нугуна түшүп, жаңы ишкерлер чыгып, экономика бутуна тура баштабадыбы. Аз-аздан баары калыбына келип, азыр реформалар ыкчам жүрө баштады. Анын үстүнө аларда ресурстар да жетиштүү. Бирок ошол эле Орусияда деле экономикалык реформалар идеалдуу, ойдогудай жүргөн жок.

Кыргызстанда болсо адам ресурсу жетиштүү. Табигый байлыктар да жетиштүү эмес. Ошол себептүү реформалар жана айтылгандай ойку-кайкы жүрөт, мындан ары деле ошондой болот. Идеалында өзү негизи алгач базар-нарк экономикасынын мыйзамдарын кабыл алып, анан реформаны батыл баштоо керек. Бирок да макроэкономикалык туруктуулукка жетишип, ага ылайык мыйзамдарды жаңы шартка ылайыкташтыруу зарыл. Экономикалык реформалардын антип ойкуп-кайкып жүрүшү мыйзамченемдүү. Бардык өлкөлөрдө ушундай.

- Ушу тапта Кыргызстанда 15 жыл ичинде эч нерсе жасалган жок, кыйла убакыт текке кетти, бизде эч нерсе жок, болбойт дагы деген маанай басымдуулук кылууда. Калктын маанайын көтөрүү үчүн, мүмкүн, «жапан керемети» жардам берип жүрбөсүн?

- Сиз атйкандай, бизде да натуралдык ресурстар аз, адам ресурсу жетиштүү. Мен бир мисал айткым келип турат. Студент кезимде турист катары Америкада болуп калдым. А кезде мен Американын экономикасы эң алдында турат деп ойлочумун. Албетте, табигый байлыгы жетиштүү болсо, эли сабаттуу, бай болсо, көп жерди ээлеп турса ошентип ойлойсуң. Ошондо мен эмне үчүн Жапания артта, Америка менен Советтер Союзу алдыда деп ойлодум. Советтерди кошпогондо биз экинчи болуп калабыз. Анан мен Жапания кантип экинчи өлкө болуп калганын ойлоно баштадым. Бизде табигый байлык аз, жер аз, жалгыз адам ресурсу гана.

Ойлогонум бул болду. Менин ата-энем жакшы жашоо үчүн катуу иштешкен. Согуштан кайтып келген ата-энем күн-түндөп кажынып катуу иштешчү. Жылына эки күн гана эс алышчу. Жаңы жыл, анан жыл ортосунда бизде дагы бир диний майрам бар. Башка убакта алар күн-түн, ишемби-жекшемби дебей тынбай иштешчү. Азыркы Жапанияны ушулар түзүшкөн. Сиздер да ушинтип иштесеңиздер гана көтөрүлө аласыздар.

- Бизде байлык тууралуу түшүнүк кыйла апыртма. Жараткан жапан элине ушундай байлыкты, мээнетти берип койгон экен, бизге андайды буюрбаптыр дешет. Дегинкиси «жапан кереметинин» негизги сыры эмнеде?

- Жана айттым го, кажыбаган мээнет, мээнет. Силер да жапандардай иштегиле, ошондо гана сандан сапатка өтүү башталат.

- Бизде экономикалык өнүгүүнүн башкы багыты үстөмөн катары суу энергетикасын, тоокен өндүрүшүн, алтын казып алууну алдыга коюшат. Жапандар жаңыдан өнүгүүгө бет алганда кайсы экономикалык багытка басым жасашкан?

- 2-дүйнөлүк согуштан кийин биз кандай экономикалык жол менен өнүгүүнү так аныктап алганбыз. Биз үчүн маанилүүсү темир болчу. Анан ошондой эле көмүргө болгон муктаждык да чоң эле. Инвестицияны ушуга жумшап, жапан экономикасынын дүркүрөп өнүгүшүнө мына ушулар шарт түздү.

- Элчи мырза, маегиңизге ырахмат!

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG