Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн өлкө казынасына 200 млрд сом түшүп, 1100дөн көп мүлк мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирди. Ошол эле маалда жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттын тагдырына жана зыяндын ордун толтургандарды жазадан бошотууга байланыштуу кайчы пикирлер да арбын.
Кыргызстан

Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирди. Өткөн жыл соңунда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү каралган мыйзам кабыл алынган.
Бийлик бул жана башка чаралар менен коррупцияны түп тамырынан жок кылууга убада берип келатат. Мындай аракеттерди кубаттагандар көп. Ошол эле маалда жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттардын тагдырына жана зыяндын ордун толтургандарды жазадан бошотууга байланыштуу кайчы пикирлер арбын.
Жапаровдун эсеби, Ташиевдин эскертүүсү
Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштүн алкагындагы жетишкендиктердин кезектеги эсебин 31-майда Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин борбордук аппаратынын жаңы имаратынын ачылышында айтты. Иш жүзүндө бул ал өзү президенттик кызматка киришкен төрт жылдын жыйынтыгы.
“Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери, анын ичинде борбордук аппаратынын кызматкерлери бүгүнкү күндө дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн фонунда катаал мезгилдерди баштан өткөрүп жатканына карабай, берген анттарына бекем туруп, өз иштерине берилгендигин көрсөтүп келишет. Алардын тайманбас аракеттеринин аркасында коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөш ийгиликтүү уланып, экономикалык өсүшкө кедергисин тийгизгендердин баары кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Натыйжада өлкө бюджетине 200 миллиард сомдон ашык каражат кайтарылып, экономиканын өнүгүшүнө чоң салым болуп калды. Ошондой эле мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 1100дөн ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк кайрадан мамлекетке кайтарылып, калктын кеңири колдоосуна ээ болду. Этият болуңуздар, урматтуу жетекчилер!”, – деди президент.
2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы убадаларынын катарында коррупцияны жоюу да бар болгон. Анын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев атайын кызматты жетектеп, бул жаатта катуу күрөш башталган. Алар кызматка киришкендин алгачкы жарым жылында коррупцияга каршы күрөштөн 6 млрд сом өндүрүлгөнүн билдиришкен. Эми болсо мамлекетке кайтарылган сумма андан 30 эсе көбөйүп олтурат.
Бийлик коррупциялык жол менен табылган мүлктү кайтаруу менен эле чектелбей, жемкорлордун өздөрүн жазалоого да басым жасады. Ондогон кишилер кармалды.
Былтыр жыл соңунда болсо президент коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Анда “коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев быйыл январда өкмөттүн отурумунда аткаминерлерге мындай эскертүү берген:
“Мындан ары так ушул мыйзам менен жашайбыз. Мамлекетибизде эгерде кайсы бир мамлекеттик органдын кызматкерлери коррупциялык элементтер менен шектелип колго түшүп, же болбосо жоопко тартыла турган болсо мыйзам катаал жазаларды карайт. Коррупциялык кылмыштарга шектелген адам соттун чечими менен сөзсүз түрдө түрмөгө камалат. Өмүр бою мамлекеттик ишке кайтпайт. Соттун чечими күчүнө кирген соң анын жакын туугандары да мамлекеттик, муниципалдык мекемелерде, күч органдарында иштесе жумуштан алынат. 2020-жылы Садыр Нургожоевичтин командасы бийликке келердин алдында коррупциянын деңгээли өлкөбүздө болжолдуу түрдө 70-80 пайызды түзчү. Азыркы күндө бул көрсөткүч 30-40га түштү. Биз ушул деңгээлди 5-10%г пайызга чейин түшүрүшүбүз керек. Ошондуктан мен “эч кимиңер ушул мыйзамдын негизинде жабыр тартып калбасаңар экен” деп өтүнөм жана Кудайдан тилейм”.
"Жемкорлор жазасыз калбаса..."
Албетте, коррупцияга каршы күрөштү жалаң атайын кызмат алып барган жок. Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана башка органдар да биринен сала бири коррупция жана паракорчулук боюнча улам жаңы фактыларды жарыялап келишти.
Мындагы каражаттар биринчи кезекте мурда мамлекеттик кызматта иштеп мыйзамсыз кирешеге ээ болгон адамдардан кайтарылса, мамлекеттик мүлктү же жер тилкесин кезинде мыйзамсыз ээлеп алгандар да бутага илинди. Кайтарылган мүлктүн ичинде базарлар, соода жайлары, автобекеттер, имараттар, жер тилкелери жана үлүш жерлер көп болду.
Айталы, былтыр Кемин районунда 353,3 гектар жер жана быйыл Сокулукта 990 гектар жер мамлекетке кайтарылганы чоң резонанс жаратты.
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай деди:
“Коррупцияга каршы күрөш Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле болуп эле келатат. Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын, кийин Атамбаев менен Жээнбековдун бийлиги, айтор бардыгы бул жаатта өз чамасына жараша иш жүргүзүшкөнүн айтышты. Бирок акыркы жылдары бул күрөш жаңы тепкичке чыкканын көрүп жатабыз. Жынысына, курагына, макамына же буга чейин мамлекетке кылган иштерине карабастан бардыгы мыйзамдын алдында бирдей каралып, мыйзамсыз өтүп кеткен мүлк тегиз алынып жатат. Мында коррупциясы аныкталган кишилерден үч жол менен – кыймылдуу-кыймылсыз мүлк катары, акча каражаты катары жана кайсы бир компаниялардагы үлүштөрү аркылуу мамлекетке активдер алынды. Мисалы, “Легендарлуу парламенттин” спикери болгон адам да Сокулукта мектептин имаратын өткөрүп берди деп кабарлашты. Андан сырткары Бишкекте, Ошто, Нарында, Таласта, кыскасы, бардык эле аймактарда коррупциялык жол менен мыйзамсыз менчиктештирип кеткен жерлер мамлекетке кайтарылып жатат. Мына ушунун бардыгы чоң жумуш”.
Жемкорлуктун алкагында жаңы фактылар аныкталып, улам жаңы мүлк кайтарылган сайын коомчулукта тынымсыз талкуулар болуп келди. Көпчүлүгү мыйзамсыз жеке колго өтүп кеткен мүлктөрдүн кайтарылышын кубатташууда.
Ошол эле маалда айрымдар өндүрүлгөн каражаттардын кайда иштетилгени жөнүндө маалыматтардын жоктугуна да басым жасап жүрүшөт. Ага кошумча коррупциялык фактыларга айыпталып кармалып, бирок чыгымдын ордун толтурган соң жазадан бошоп кеткендердин маселеси да суроолорду жаратпай койгон жок.
Мисалы, ошол эле бажыдагы коррупция жана башка иштер боюнча айыпталып кармалган экс-бажычы Райымбек Матраимов эки-үч жолу кармалып, бирок ири сумма төлөп, мүлктөрүн өткөрүп берген соң бошоп чыгып кетти. Башка аткаминерлер да ушундай жол менен абактан чыгышты.
Жарандык активист Айбек Теңизбай мындай пикири менен бөлүштү:
“Коррупция менен күрөш жүрүп жаткандыгы абдан жакшы. Менин жеке баамымда, мурункуга караганда азыркы аракеттерде эффективдүүлүк көбөйдү. Бирок толук эффективдүүлүккө жетүү үчүн каражаттар кимдерден өндүрүлгөнүн, ал каражаттар кайра кайда иштетилгенин, канча мүлк алынып, кайра сатылса канчасы сатылып, кайда кеткенин, же кайсы мекемелерге берилгенин тизмектеп, ачык-айкын берип коюшса болмок. Ал нерселер максаттуу түрдө колдонулдубу-жокпу, биз да, катардагы жарандар да көрөлү, билели. Дегеним, мен деле колумда бийлик болсо “миллиард доллар кайтарылды”, “триллион сом таптык” деп айтып коё беришим мүмкүн да. А бирок келдиби-келген жокпу, кайда кетти? Ал да маанилүү. Ошону үчүн мунун баарын комплекстүү караш керек. Элге ачык айтыш керек. Анан, эффективдүүлүктүн дагы бир маанилүү элементи – бул жазалоо. Эгер биз коррупцияга малынган аткаминердин каражатын алып, өзүн коё берип жибере берсек, күрөш толук эффект бербейт. Кылмыш кылган киши сөзсүз түрдө мыйзамда каралгандай жоопкерчилигин тартышы керек, камалса камалышы керек. Антпесе, бир адам 1 млн сом уурдап, 100 миң сом төгүп жатат деп күмөн санай беребиз. Бул көрүнүш улана берсе, кийин башка адамдар деле мамлекеттен уурдап, зыян келтирип, биртикесин төлөп чыгып кетсе болот деп мамиле кылып калат. Натыйжада коррупция токтобойт”.
Кыргыз бийлиги коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары менен бөлүшүп, отчёт берип жаткан чакта Transparency International 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексинде Кыргызстанга кайра терс баа берген.
Кыргызстан бул рейтингде мурдагы жылы 180 өлкөнүн ичинен 141-орунда болсо, былтыр 146-орунга жайгашып калган. Эл аралык уюм буга өлкөдө соттор көз каранды эмес экендигине, коррупция боюнча кармалгандар жазасыз калып жатканына жана башка жагдайларды себеп көрсөткөн.