2018: Саясат кайнаган жыл
Өтүп бара жаткан жыл Кыргызстанда саясий окуяларга бай болду. Жыл жаңырганда эле Бишкек жылуулук электр борборунда кырсык катталып, ал өкмөттү кризиске кептеди. Коомчулуктун назарында турган ушундай чуулуу саясий окуялардын бардыгы мурдагы жана жаңы президенттин ортосундагы адегенде көмүскө, кийин ачыкка чыккан тиреши менен коштолуп турду. "Эксперттер талдайт" берүүсүндө узап бара жаткан жылдагы саясий окуяларды талкуулайбыз. Талкууга коомдук ишмер, саясатчы Эдил Байсалов, журналист Аскер Сакыбаева, “Марал” радиосунун директору, экономист Руслан Акматбек жана Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы, журналист Ибраим Нуракун уулу катышты.
Чыгарылыштар
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды
-
Февраль 19, 2026Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМК өзгөрөбү?
-
Февраль 12, 2026"Эксперттер талдайт": Ташиевдин отставкасынан кийинки кырдаал
-
Январь 28, 2026Президент Жапаров экинчи мөөнөткө эмне менен барат?
-
Декабрь 17, 2025Парламент институту: Популизм, оппозиция жана саясий атаандаштык