ООНдун баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Пекинде Кытайдын найып төрагасы Ху Цзинтао менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Цзинтаону КПКнын кезектеги курултайында Цзянь Цземиндин ордуна шайланат деп айтышууда.Жолугушуу башталар алдында Цзинтао ООН- дун баш катчысы менен бардык маселелерди талкуулаганы жатканын айткан эле.Аннан ке- чээ Цзянь Цземинь менен жолугуп,сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары үзүрлүү болгонун бил-дирди. Сүйлөшүүлөрдө Ирак проблемасы, ошондой эле эл аралык терроризмге каршы кү- рөштөгү кызматташтык маселелери сөз болду. Аннан Кытайдан соң эртең Монголияга ке- лет, андан ары борборазиялык өлкөлөргө барат.