ООНдун коопсуздук кеңешинде Ирак проблемасы боюнча ачык талкуулар жүрүп жатат. Дүйнөлүк жамааттын көпчүлүк мүчөлөрү Иракта эл аралык аскерий инспекция ишин кайра жандантуу зарылдыгын белгилешип, Багдадга каршы аскерий күч колдонуудан коопсуздук кеңешин сактандырышты. Жакынкы чыгыштагы өлкөлөр Иракка сокку урулса, анда бул регионду көп жылга бүлгүнгө түшүрөт деп эсептешет. Мурда Ирактын аскери жапырыгына туш болгон Кувейт жана Иран да ушундай позицияда турушат. Иран менен Түркиянын пикири да окшош экенин бүгүн Тегеранда президент Мохаммад Хатами белгиледи. Эл аралык жамааттын мүчөлөрү ошону менен бирге Ирактан ООНдун бардык резолюцияларын милдеттүү түрдө аткарууну, массалык кыргын салуучу бардык куралдарын жок кылынуу талап кылышууда. Блок торго кошулбаган өлкөлөрдүн демилгеси менен өтүп жаткан талкууларга коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү жана 48 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. Бүгүнкү талкууда Кошмо Штат тардын өкүлү сөз сүйлөйт.