Бир жумадан бери госпиталда жаткан каныша үч жолу жүрөк талмасы кармап, каза болду. 1915 мажар ак сөөктөрүнүн үй бүлөөсүндө туулган Геральдин Аппоный 1938- жылы Албаниянын падышасы Ахмет Зокуга күйөөгө чыккан. Италиянын 1939- жылкы оккупациясында падышанын үй бүлөөсү мекенинен сүрүлүп чыгарылган. Геральди 60 жыл бою сүргүндө жашап, быйыл жайында уулу Лека Зоку менен мекенине кайтып келген эле. Атасы Ахмет Зоку 1961-жылы каза болгон соң, Лека Зоку өзүн Албаниянын падышасы деп жарыялаган болчу.
Албаниянын мурдагы канышасы Гералдине Зоку өткөн түнү Албаниянын аскердик госпиталында 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.