Интерфакс кабар агенттигинин баш прокуратурага шилтеме берип маалымдашынча, кылмыш иши АВТОВАЗ заводунан автомашинелер уурдалганына байланыштуу козголду. Прокуратура Березовский, Патаркацишвили менен Дубновага эл аралык из-дөө салына турганын, жана алардын Орусиядагы мүлкү барымтага алына турганын билдирди.
Орусиянын баш прокуратурасы белгилүү ишкер Борис Березовский менен анын шериги Бадри Патаркацишвили менен Юлия Дубованы алдамчылык кылган деп айыптады.