Жолугушуудан кийин жасаган билдирүсүндө Квашневский Польша Ооганстанды калыбына келтирүүгө жардам бере турганын айтты. Кабулдагы жолугушуудан кийин Квашневский эл аралык антитеррордук коалициянын алкагыда Ооганстанда кызмат өтөп жаткан Поляк аскерлери менен учурашуу үчүн Баграмдагы аскердик базага барды. Квашневский Ооганстанга Өзбекстандан келген. Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып жүргөн президенттин Кыргызстан менен Таджикстанга баруусу пландаштырылууда.
Польшанын президенти Александр Квашневский бүгүн Кабулда Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен жолугушту.