Беларустун президенти Александр Лукашенка - ага каршы качандыр бир айтылган же жасалган сын-пикир же аракеттерди эч качан унутпайт. Немцов менен Хакамаданын "Оңчул күчтөр бирикмеси" мурда - Орусия менен Беларусту бириктирүү боюнча Лукашенканын аракеттерин бир топ сындап келген. Акыркы мезгилде болсо, ал идеяны президент Владимир Путин колдоп, биригүүнү Маскөөнүн кызыкчылыгына бурганда, Лукашенка ага каршы чыкты. Немцовдун партиясы болсо, тескерисинче, аны колдоп, биригүүнүн алдына идеологиялык жана экономикалык негиз түзө баштады.
23-октябр күнү Немцов менен Хакамада - эки өлкөнү бириктирүү маселесине арналган конференцияга катышуу үчүн Минскиге келген, бирок аэропортто эле Беларус коопсуздук кызматы Немцовду кармап кеткен. Орусиянын Мамлекеттик дума төрагасынын орун басары Хакамада болсо, өз ыктыяры менен Немцовго кошулуп алган жана дал ошондуктан Беларус жетекчилеринин аракеттери таш капкан сыяктуу. Алар Немцовко бир нече миң доллар бере коюп: ал акча менен Немцов Минскиге келип, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч түзүүгө аракеттенген, - деп чыгышты. Немцов жалгыз болгондо, арам аракет ишке ашып кетиши мүмкүн болчу.
Немцов менен Хакамада Маскөөгө кайтууга аргасыз болду, Орусиянын Тышкы иштер министирлиги болсо, ошол эле күнү Минскиге каршылык нота жиберип, жагдайды түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Бирок Беларус бийлиги - Орусия депутаттарына гана эмес, эл аралык атактуу уюмдарга каршы да аракеттенип, алардын башчыларын өлкөдөн чыгарып жатканы менен салыштырганда, Немцов менен Хакамаданын кармалышы катардагы окуяга айланат.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Беларусту жана анын жетекчилигин такай сындап келген уюм жана ага толук негиз бар экенинен эч ким күмөн санабайт. Бирок акыркы мезгилде ОБСЕнин Минскидеги кеңсесинде жалгыз бир дипломат калды жана анын дагы виза мөөнөтү аяктагандыктан, жакында ал дагы өлкөдөн сүрүп чыгарылат. Үстүбүздөгү жылдын апрел айында Беларустан - кеңсенин башчысы Майкл Риволье кууп чыгарылган, анын ордуна келе турган Эберхард Хейкенге болсо, Беларус жетекчилери виза бербей койгондуктан, ал Минскиге келе да алган жок. ОБСЕнин кеңсе башчысынын милдетин аткарган Эндрю Карпентердин виза мөөнөтү аяктагандыктан, ал өлкөдөн июн айында кетүүгө аргасыз болгон. Сентябр айында болсо, Минскиден кеңсенин биринчи катчысы Мииган Фицджеральд да кетти.
Мындай саясат менен Беларус - дүйнөдөгү эң кадырлуу уюмдардын бири менен кызматташа албасы ачык, бирок Тышкы иштер министирлигинин өкүлү Павел Латушконун айтымында, ОБСЕ өз саясатын өзгөртмөйүнчө, Беларус аны менен кызматташпайт: "Беларус өкмөтүнүн пикири боюнча, ОБСЕнин миссиясы өзүнүн азыркы түрүндө Беларуста иштебейт".
Брюссель шаарында жайгашкан "Европалык саясатты изилдөө борборунун" аналитиги Мариус Ваальдын айтымында, ОБСЕ уюмуна шарт коюуу - эч кандай жакшылыктуу кызматташууга алып келбейт: "ОБСЕге кандайдыр бир өзгөчө же жаңы шарт коюуу, менин оюмча, мүмкүн эмес. Анын иш принциптеринин узун тарыхы бар жана алар баарыга белгилүү".
Бирок Беларустун жетекчилиги өзүнүн азыркы түрүндө - Орусияга гана эмес, эл аралык уюмдарга да шарт коюп, аларды өзүнө жаккан гана нукта иштетүүгө ынтызар.