Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Кытай компартиясынын курултайында партия уставына өзгөртүүлөр киргизилээри күтүлүүдө.


8- ноябрьда башталчу Кытай компартиясынын курултайында партиянын уставына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилет. Бул туралуу партиянын пленуму кабыл алып, бүгүн мамлекеттик "Синьхуа " жаңылыктар агенттиги тараткан документте айтылат.
Анда айтылгандай, маселен курултайда Кытай компартиясынын азыркы баш катчысы Цзянь Цземиндин алдыда партия мүчөлүгүнө кытай ишкерлерин кабыл алуу жөнүндөгү сунушу каралмакчы. Курултайда башкы катчы Цзянь Цземинь жана жашы жетимиштен өткөн партжетекчилердин көпчүлүгү кызматтан кетээри күтүлүүдө. Курултайдын ишине 2200 делегат катышат.

XS
SM
MD
LG