Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Москвада Ирак маселеси талкууланды.


Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин бүгүн Москвада болгон жыйыны да Ирак маселесин талкуулоого арналды.
Орус тышкы иштер министри Игорь Иванов биргелешкен басма сөз жыйынында билдиргендей, Ирактын айланасындагы кырдаал курчуп турган кезде өз ара позицияларды координациялоо өтө маанилүү. Анын айтымында, Орусиянын максаты - Ирак проблемасын Улуттар уюмунун резолюциясы аркылуу саясий, дипломатиялык жол менен чечүүгө жетишүү жана Ирак жакын жайгашкандыктан бул маселге Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр да кызыкдар. Коллективдүү коопсуздук келишимине Орусиядан тышкары Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Беларусь мүчө.
" Кытай да Ирак резолюциясында мунсага жетүүгө аракеттенет"- деп билдирди бүгүн өлкө тышкы иштер министрлигинин өкүлү. Пекин ноябрь айында ООНдун коопсуздук кеңешинде төрагалык кылат.
Ал эми АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бүгүн франциялык "Фигаро" гезитинде жарыяланган маегинде белгилегендей, ООНдун Коопсуздук кеңешинин Ирак боюнча жаңы резолюциясынын долбоору Кошмо штаттардын колун байлабашы керек. АКШ Ирак резолюциясынын кайра каралган долбоорун ООНдун Коопсуздук кеңешине ушул аптанын соңуна чейин берээри күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG