Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Израилде кезексиз парламенттик шайлоо өтөт.


Израилде кезексиз парламенттик шайлоо өтө турган болду. Бул тууралуу бүгүн өлкө президенти Моше Катсав жана премьер- министр Ариэль Шарон жарыялады. Премьер- министр Ариэль Шарон жаңы өкмөттү куруу мүмкүн болбогонун моюнга алгандан кийин президент Катсав өлкө парламенти - Кнессетти таратууга макулдук берген.
Шарондун коалициялык өкмөтү өткөн аптада андан Эмгек партиясы чыгып кеткенден кийин тараган эле. Буга өкмөттөгү өнөктөштөр ортосунда окупацияланган аймактардагы жөөт кыштактарын каржылоо маселесинде чыккан пикир келишпестик себеп болду. Бүгүн Йерусалимдеги басма сөз жыйынында премьер-министр Шарон мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынышын төмөнкүчө түшүндүрдү:
"Оппозиция өкмөттүн иштешине каршылык көргөзүүсүн саясий кыймылдын элементтери менен ылайыксыз шарттарда улантууда.Биз кептелип жаткан чакырыктарга чогуу даярдангандын ордуна мага залакасы эң аз жана жооптуу, 15- Кнессетти таратуу жөнүндөгү чечимди тандоого туура келди ", -деди Израил премьер-министри Ариэль Шарон. Маалыматтарга караганда, Израилде мөөнөтсүз шайлоо келерки жылдын январь айынын жыйырма сегизинде өтөт. Израилден түшкөн дагы бир кабар, мурдагы премьер-министр Беньямин Нетаньяху шайлоого чейин иштөөчү өкмөттө тышкы иштер министринин кызматын ээлөөгө макул болду.

XS
SM
MD
LG