Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

НЕПАЛДА ӨКМӨТТҮК КҮЧТӨРГӨ КАРШЫ КУРАЛДУУ КОЛ САЛУУЛАР БОЛУУДА.


Мао Цзедундун Непалдагы жолдоочулары өткөн түнү көтөрүлүш чыгарып, өлкө бийлигин кулатуу аракетин көрдү. Борбор калаа Катмандудан 400 чакырым алыстыктагы Жумла аймагында алар өкмөттүк аскерлерге кол салып, аларга борбордон тик учмалар менен жардам келгенче, жергиликтүү аэропортту жана бир нече имаратты талкалап кетти. Катмандудан 150 чакырым батыштагы Таркокот шаарына дагы экстремисттер тарабынан түнүчүн кол салынды. Натыйжада, 57 өкмөттүк аскер менен полициячы жана 105 козголоңчу курман болуп, ондогондор жарат алды. Маочулар 1996-жылдан бери Непал бийлигине каршы аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG