Непалдагы кагылышуулар уланууда. Бүгүн эрте менен дагы Мао Цзедундун жолун жолдогон экстремисттер өкмөттүк аскерге кол салып, кагылышууда үч жоокер өлтүрүлдү. 15-не караган түнү болсо, өлкөнүн эки провинциясында көтөрүлүш чыгып, бардыгы болуп 150гө жакын адам курман болгон. Маочулар 1996-жылдан бери өкмөткө каршы куралдуу курөш жүргүзүүдө жана алты жылдын ичинде Непалда ал күрөштөн жети миңден ашык адам каза тапты.