Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Дипломат Аликбек Жекшенкуловго «Руханият» сыйлык ыйгарды


Эл аралык «Руханият» ассоциациясы «Элдер ортосундагы тынчтык жана ынтымак үчүн» деп аталган 2002-жылкы сыйлыгын элчи Аликбек Жекшенкуловго ыйгарды. Ассоциациядан алынган 1-декабрдагы маалыматка караганда, дипломатка сыйлык тышкы саясатты ийгиликтүү жүргүзгөндүгү жана эл аралык уюмдар менен алгылыктуу иш алып баргандыгы үчүн ыйгарылды. Аликбек Жекшенкулов учурда Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Чехия, Словакия жана Израил мамлекеттериндеги элчиси, ошондой эле Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун, Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын Венадагы туруктуу өкүлү. Буга чейин ал тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

XS
SM
MD
LG