БИШКЕК. 9-10-декабрда Кыргызстанда Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны болот. Ага Россиянын коопсуздук кеңешенин катчысы Борис Рушайло катышат. Бул тууралуу шаршембиде Россия президенти Владимир Путиндин 5-декабрда Кыргызстанга жасай турган сапарына байланыштуу уюштурулган маалымат жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева маалымдады. Анын айтымында, Россия президентинин сапары учурунда президенттер Аскар Акаев жана Владимир Путиндин сүйлөшүүсү болуп, анда өз ара кызматташуу маселеси жана эл аралык кырдаал талкууга алынат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Бишкек декларациясына, коопсуздук багытында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлат. Ал эми өкмөттөр ортосунда Кыргызстандын Россияга карызын жөнгө салуу боюнча макулдашууга, тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өз ара биргелешип аракеттенүү жана кызматташуу боюнча протоколго кол коюлат. Путин өз сапары учурунда Жогорку Кеңештин палаталарынын төрагалары менен да жолугушмакчы.