Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Чечен лидери Масхадовдун өкүлү Ахмед Закаев Даниянын бийликтерине ыраазылык билдирди.


Кечээ Даниянын юстиция министрлиги Закаевди азат кылууну чечкен эле. “Россия жана чечендер үчүн бул саясий иш эле”,-деп билдирди Закаев “Азаттык” радиосуна. Ал эми Даниянын бийликтери үчүн ал таза укуктук маселе болчу, ошондуктан юстиция министрлигинин чечими бул өлкөнүн мыйзамдуу, укуктук кызыкчылыктарын гана көздөгөн чечим болду. Закаев мындан бир айдай мурда Россиянын талабы менен кармалган. Орус бийликтери аны куралдуу козголоңго катышкан деп айыптайт. Дания орус тарабы Закаевди Москвага өткөрүп бергенге жүйөө болор далилдерди келтире албагандыгын билдирди. Копенгагендин чечими Россияны нааразы кылды.

XS
SM
MD
LG